Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Шинжаңга барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып берди

Шинжаңга барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып берди

11 янв 2019, 14:05    bishkek
Кытайдын Шинжаң аймагында болуп келген казак элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазов андагы саясий кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу айтып берди.
«Ал студенттер үчүн түзгөн шарттар Кытай бийлиги өз жарандарына жакшы кам көрө турганынан кабар берип турат. Анда аларга жаңы кесиптерге үйрөнүүгө бардык шарттар каралган», — деди Кабазиев Кытайдын CCTV телеканалына берген интервьюсунда.
Малайзиянын Кытайдагы элчилигинин өкүлү Мохаммед Хосни Шахиран Исмаил Шинжаңдагы лагерлер тууралуу ЖМКлардан окуп, аларды таптакыр башкача элестеткенин айтты. «Азыр бул борбордогу чыныгы жашоону көрдүм», — деди ал.
Ооганстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкери Саид Хабибурахман Хусинпур Шинжаңга баргандан кийин андагы лагерлер тууралуу пикири толук өзгөргөнүн билдирди. «Бул сапарга чейин мен көптөгөн кептерди уккам. Бирок абал таптакыр башкача экен. Борборлордо чынында эле баары жакшы. Анда тарбияланып жаткандар көптөгөн нерселерге үйрөнүшөт экен», — деди ал.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Шинжаңга барган 12 өлкөнүн дипломаты аймактагы базарларда, мечиттерде жана окуу жайларда болуп кайтышкан.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги казак дипломаттары аталган аймактагы лагерлерге барып келишкенин ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров элчилик кызматкери Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларында болуп, Шинжаң өкмөт башчысы Шохрат Закир менен жолукканын билдирди.
Казакстандын Кытайдагы элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазиев «саясий кайра тарбиялоо лагеринде».
Казакстандын Кытайдагы элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазиев «саясий кайра тарбиялоо лагеринде».
Кытай Шинжаңга Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакырган эмес.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму дипломаттардын бул сапарынан кийин атайын билдирүү таратты. Анда алар кытай бийлиги тарабынан уюштурулган сапар «катуу көзөмөлдөнгөн сапар» деп аталган.
Кытайдагы «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу алгачкы маалыматтар 2017-жылы апрелде пайда болгон. Анда азчылыкты түзгөн казак жана уйгур улутундагы адамдар туугандары кармалып, алар менен байланыша албай калышканын билдиришкен. Көп өтпөй эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Кытайда азчылыкты түзгөн улуттар кысымга кабылып жатканын билдире башташкан.
Былтыр августта БУУ «ишенимдүү булактардын» маалыматы боюнча «кайра тарбиялоо лагерлери» деп аталган Шинжаңдагы борборлордо миллиондон ашык аз улут өкүлдөрү, анын ичинде мусулмандар күч менен кармалып турушу мүмкүндүгүн билдирген. Эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Пекинге кайрылып, өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүнү өтүнүшкөн. 7-январда Кытай ТИМи эгер «бардык тартиптер» сактала турган болсо, анда бийлик БУУнун өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүгө даяр экенин билдирген.
Буга чейин Кытай бийлиги мындай борборлордун экендиги тууралуу маалыматтарды четке каккан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив