Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Сирия: исламисттер акыркы козголоңчул анклавдан чыгып кетти

Сирия: исламисттер акыркы козголоңчул анклавдан чыгып кетти

21 май 2018, 09:39    bishkek
Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн Лондондогу борбор “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары акыркы козголоңчул Ярмук анклавынан жекшембиде эвакуацияланганын кабарлады.

“Рейтер” агенттиги белгилегендей, жоочулардын чыгарылып кетиши Сириянын президенти Башар Асаддын режиминин аталган аймактагы мамлекеттик көзөмөлүн калыбына келтирет.

Сириянын мамлекеттик ММКлары исламчылардын Дамасктын жанындагы Ярмук анклавын таштап кетүүсүнө жол ачкан макулдашуу тууралуу кабарлашкан жок. Ишемби күнү Сириянын аскер кызматкери жоочулар менен кандайдыр бир макулдашуу болгонун төгүндөгөн.

Сириянын өкмөтү Ярмук анклавында өз бийлигин калыбына келтирүү менен Сириянын батышындагы эң акыркы козголоңчу районду жок кылган болот. Ошол эле кезде Түркия, Ирак жана Иордания менен чектеш жерлерде да Асаддын режимине баш ийбеген бир нече аймактар бар.
Лондондогу мониторинг борборунун өкүлдөрү кабарлашкандай, анклавга автобустар түн ортосунда кирип, жоочуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн алып чыгып кеткен. Алар Дамасктын чыгыш тарабындагы Аль-Бадия облусундагы чөлдүү райондорго багыт алышканы кабарланды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив