Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, ТЭЦ боюнча жоопкерчиликке тартылабы? 

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, ТЭЦ боюнча жоопкерчиликке тартылабы? 

18 май 2018, 09:54    bishkek
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык элементтер кыязы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин да жоопкерчилигин карата турган өңдөнүп калды.

Анткени 17-майда Жогорку Кеңеште “Бишкек ТЭЦиндеги авариянын келип чыгуу себептерин жана модернизацияга жумшалган 386 млн. доллардын коротулушун иликтөө боюнча” түзүлгөн депутаттык комиссиянын кортундусу боюнча токтом кабыл алынды.
Ал токтомго депутат Исхак Масалиевдин экс-президент А. Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салуу сунушу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу да көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен кирди. Бул сунуш добушка коюлганда, добуш берген 101 депутаттын 87си «макул» деген добушун беришкен.

Эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети бул мыйзам долбоорун иштеп чыга турган болсо, ал комитеттердин жана фракциялардын колдоосуна ээ боло турганы деле белгилүү болуп калды. Себеби, сунушту колдогон 87 депутаттын добушу эле муну билдирип турат.
Убагында А. Атамбаев «Кыргызстанда бардык жарандардын укугу бирдей, президенттен тарта карапайым жарандарга чейин. Эгерде мен мыйзам бузсам, анда мен да жооп берем» деп айтыпа келчү. Андыктан эми ал өзүнүн кол тийбестик макамынын алынып салынышына каршылык көрсөтпөйт болушу керек деп ишенип туралы.  скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив