Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Икрамжан Илмиянов ажылыктан кайтпай калса кайсы “бейишке” барат?

Икрамжан Илмиянов ажылыктан кайтпай калса кайсы “бейишке” барат?

17 май 2018, 14:42    bishkek
Адегенде маалымат булактары экс-«башкы шоопур» Икрамжан Илмияновдун чет өлкөлөрдүн бирине качып кеткени тууралуу жазып чыгышкан. Буга коомдук ишмер Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воиновдун УКМК кызматкерлери тарабынан кармалганы себеп болгон деген версиялар айтылган. Себеби, Алмазбек Атамбаевдин убагында кытай ишкерлеринин 280 элиталык батирин жана ресторанын аттары аталган экөө тартып алышкан экен. Ал эми экөөнүн «крышасы» ал кездеги таасирдүү фигура – «башкы шоопур» жана ошол убакта президенттик аппаратта иштеген Манас Арабаев болгон.

Ошентип жакында эле М. Арабаев жумушунан айдалган. Ошол күнү түштөн кийин эле И. Илмиянов Кыргызстандан изин суутуп кетип жатат. Анын заматта эле өлкө сыртына чыгып кеткени боюнча КСДП партиясынын маалымат катчысы Индира Жолдубаева: «Илмиянов эч кайда качкан жок. Ал кичи ажылыкка Аравияга кетти» деген маанайдагы билдирүүсүн таратты.
Эми ушул жерден кызык суроо жаралат. Өзү ажылыкка барып, ошол жактан көз жумган кишини «ажылыгы кабыл болду, бейишке чыгат экен» дешип, ошол жактан эле жерге берип коюшат. Албетте, биз Икрамжан мырзанын өмүрү узун болушун каалайбыз, бирок, “жаман айтпай жакшы жок” демекчи, кокус ал ошол жактан “көздөн кайым” болсо не болот? А балким, И. Илмиянов ажылыктан түз эле Америкага багыт алып кетсечи? Үй-бүлөсү бүгүнкү күндө ошол жакта эмеспи? Кыргызстанга келип, жеген-ичкендерине мыйзам алдында жооп берип отурганча деп, Американы өзүнө «бейиш төрү» кылып алсачы? Бул эми коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолор. Деген менен, Икрамжан мырза кыргыздын чыныгы мырзасы болсо сырттан “бейиш” издебей, ажылыктан аман-эсен чачын тысырайта кырдырган боюнча кайтып, өз мекенинен өзүнө ылайыктуу “бейиш жайын” табаар...
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив