Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Сапар Исаков өзү саясий өлүккө айландыбы?

Сапар Исаков өзү саясий өлүккө айландыбы?

17 май 2018, 11:02    bishkek
0 комментарий   
Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан жаңжалдарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыктарын парламентте талкуулоого күбө болушту. Мурда кылымдын аферасынын авторлору катарында экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын аткошчулары Сапар Исаков, Айбек Калиев, Салайдин Авазовдун аттары аталып келсе, ага Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев да кошулат окшоп калды. Анткени, “ысык, ысык” деген оюндай, канчалык көбүрөөк талкууланган сайын бул экөөндө да, өзгөчө О.Артыкбаевде көп мандем бар экендиги ачык болуп баратат.

        Талкууда калкып чыккан маселелер, алар боюнча байкагандарыбызды, эмне үчүндүр эл өкүлдөрү да көңүл бурушпаган нерселер жөнүндө өзүнчө макалада айтабыз, бирок 16-майда өткөрүлгөн талкууда Бишкек ТЭЦин Кытайлык ТВЕА компаниясына модернизациялатууда мурдагы президенттик аппараттын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, экс-премьер министр Сапар Исаковдун ролу өзгөчө болгондугу ачык болду. Көрсө, С.Исаков ТВЕАнын жетекчилери менен 2009-жылы күзүндө М.Бакиев менен бирге ЦАРИИнин протоколдук бөлүмүнүн башчысы болуп барганда эле таанышып, ошондо эле жакшы мамиледе болуп калган экен. Майдалап айтып отурбайлы, анын ТВЕАнын жетекчилери менен 2013-жылдан берки мезгилде 18 жолу жолугушкандыгы эле, анын техникалык экономикалык негиздемелери жок, эч кандай экспертиза, текшерүүдөн өтпөгөн, “чёрновый вариант” түрүндөгү документти ишке ашырууну тездетүүгө жан алакетке түшүп аракеттенгендиги эле шек жаратып турбайбы! Анткидей С.Исаков энергетика же экономика министри, же экономикалык блокко кураторлук кылган вице-премьер-министр беле? Биздин оюбузча, Кытайдын элчилигине КР өкмөтүнө ТВЕАны гана колдоо боюнча кайра-кайра ноталарды жаздырып, ал аркылуу кыйыр шантаж жасап, чийки документти (долбоор болгон эмес) ишке ашырууну тездетүүнүн автору да өзү болсо керек. Кытайдын элчилигинин өкүлдөрү, ТВЕАнын жетекчилери менен кайра-кайра жолугуша бергени ушундай шекти да жаратат. Ал жолугушууларда ТВЕАнын жетекчилерине; элчиликтен ушундай кагаз алып келсеңер, калганын мен тездетет элем деп койсо, алар андай кагазды алып келишет да.
        Негизинен президенттин иш сапарларын, сүйлөшүүлөрүн даярдоочу бөлүмдүн башчысы болуп туруп, эмне үчүн ТВЕАнын жетекчилерин 18 жолу кабыл алган? Депутат Каныбек Иманалиев талкууда мындай суроо бергенде; ал ТВЕАнын өкүлдөрү өздөрү сурангандыктан аларды кабыл алгандыгын айтты. Бул жогорку деңгээлдеги мамчиновникке ылайык жооп эмес. ТВЕАнын өкүлдөрү суранган күндө деле; өнөр жайына байланышкан кредиттик, финансылык маселелер менин компетенцияма кирбейт, бул боюнча өкмөттүн тийиштүү мүчөлөрүнө кайрылыңыздар, - деген мааниде жооп берүүгө милдеттүү болчу. Бирок ал ТВЕАнын жетекчилерин кайра-кайра кабыл алып, аларды экс-президентке түз жолуктуруп, Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан маселелердин көбүн Өкмөттөн аттатып өтүп, түздөн-түз ошол убактагы президент А.Атамбаевдин чечүүсүн уюштуруп, аткарууга жетишкен. Албетте, өзүнүн анда чоң кызыкчылыгы болбосо антмек эмес. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, акылдан адаштырып, жолдон тайдырарлык кол акысы болбосо, кимдин эле өз башына ашыкча түйшүктү үйгүсү келсин.
        Анын парламенттеги жооптору - эч кандай аргументти, далилди, өз күнөөсүн моюндагысы келбеген, аларды башка бирөөлөргө оодара салууну гана көздөгөн, ээр токумун ыйманына кошо жеп бүткөн “прожжённый” авантюристтин жооптору. “Эшегине жараша тушоосу”дегендей, АША аны жөн жерден алты жыл колтугуна салып алпештеп асырап жүрбөгөн экен. Бирок кадрдык маселелердеги баш аламандыктары, өзгөчө өкмөттүн аппаратын гаремге айландыргысы келгени, ТЭЦке,“Лигласска” , “Таза коомго” ж.б.д.у.с. байланышкан авантюралары анын түбүнө биротоло жетти. Аргамжы канчалык чубалса да учу болот.Ал үчүн ТЭЦке байланышкан жаңжалдан азыраак мөөнөт алып чыкса да чоң жеңиш болгону турат.Же талкууда бир депутат айткандай, эл өкүлдөрүн саясый өлүккө теңеген авантюрист өзү саясый өлүккө айланды. Муну күкүк өз атын өзү чакырат деп коюшат.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;