Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Баткен облусунда кырсыктан келтирилген чыгымдар такталууда жана кесепеттерин жоюу иштери улантылууда

Баткен облусунда кырсыктан келтирилген чыгымдар такталууда жана кесепеттерин жоюу иштери улантылууда

17 май 2018, 09:30    bishkek
Лейлек районунда 2018-жылдын 13-май күнү саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен:

Исфана шаарында “Акчайыр” балдар интернатынын жер төлөөсүнө, “Наристе” бала бакчасынын жер төөлөсүнө, 5 турак үйгө, 17 турак үйдүн короолоруна, Чимген айылында “Арча-Бешик” балдар бакчасынын жер төөлөсүнө, чарбагына, Ынтымак балдар бакчасынын жер төлөсүнө сел суулары кирген. 

Ошондой эле 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. КР ӨКМи тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип, 90 метр курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Самат айылында КР ӨКМи тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралар планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен. Калта-Кол тилкесинде КР ӨКМнин атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагылга толтурган.

Ак-Суу айыл аймагындагы Суубашы айылында 5 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, унаа каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан тышкары КР ӨКМи тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагыл басып калган, 2 даана жогорку чыңалуудагы электр мамычаларын, 7 баш ийри мүйүздүү малды сел агызган.
Ак-Суу айылындагы орто мектебине сел суулар кирген. Кызы-Бараз участкасындагы арыктын башын сел агызып кеткен. Мындан тышкары 500 метр ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган жана 1 даана ички чарбалык көпүрөнүн 1 стойкасынын астын сел суулары жууп, 4 суугат суу бөлуштүргүчтөрдү сел бузуп, 5 га үлүш жерлерди шагыл аралаш сел каптаган.
Алга айылында 11 гектардан ашык үлүш жерлерди, 3 гектар мамлекеттик фонддун жериндеги эгиндерди сел баскан.
Сумбула айыл аймагында Исфана-Көкташ унаа жолун сел алган, каттам кыйынчылык менен өтүүдө, мындан тышкары 1 жеңил унааны сел басып калган.

Бешкент айыл аймагындагы Эскиоочу айылында 6 турак үйлөрдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген, абалы канааттандырарлык. Мындан тышкары “Көгүчкөн” балдар бакчасынын жер төлөөсүнө, 8 жер тилкелерине сел суулары кирген, 4 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, 2 чарбалык имараттар бузулган.
Мектеп сай учаскасында КР ӨКМи тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 90 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагыл басып калган. Мындын тышкары 2 чакырым ички арыктарды сел алып, кум-шагыл басып калган, 2 унаа селден жабыркаган.

Кулунду айыл аймагында Кушлук сай сел кетуучу сайындагы жаңыдан курулуп жаткан автоунаа өтүүчү көпүрөнүн бир жак тарабын сел жууп кеткен.

Интернационал айылында бир дүкөндүн ичине сел кирген.

Комунизм айылындагы Коровник участкасында 4 турак үйдүн пайдубалдарына сел кирген.

Маргун айыл аймагында Маргун айылында 300 метр латокту сел алып, кум-шагыл басып калган.

Даргаз айылында 1,5 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум-шагыл басып калган, 6 баш майда жандыктарды (МРС) сел агызып кеткен.

Дархум айылында 3 чакырым ички чарбалык Дархум-Мадиген жолун сел алып, кум-шагыл басып калган.

Чурбек айылында 3 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум-шагыл басып калган.

Жалпы район боюнча 27 турак үйгө (Бешкент а. –22, Исфана - 5), 61 турак үйдүн жер тилкелерине (огород) (Бешкент–47, Исфана - 14), 6 социалдык объектинин (Исфана ш.–Акчайыр, Наристе, Ынтымак бала бакчалары, Чимген айылы–Арчабешик бала бакчасы, Бешкент а.а.- Көгүчкөн бала бакчасы жана Аксуу а\а орто мектеби) жер төлөөлөрүнө, 34 чарбалык имараттардын короосуна (ашкана) сел суулары кирген. Район боюнча селден 69 га жер аянттары жабыркаган. ЖТИнын балансындагы 4 көпүрө жабыркап, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 291 (МРС) майда жандыктар (кой, эчки), ал эми 45 (КРС) ири мүйүздүү мал жандыктары селге агып кеткен. 23,6 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркап, 6,2 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчылындагы ыкчам топ, облустук жана райондук ЖК комиссиялары. КР ӨКМнин РӨКОнун 3-ӨИКОнан 50 куткаруучу, Лейлек райондук №74 ӨКБдан 10 куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор, 1 самосвал, Кытай жол куруу компаниясынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, жана 1 Зил 130 (АЦ-40), №13 ЖТИден 4 грейдер, 1 жүктөгүч, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 ХОВО, 2 экскватор, 1 самосвал тартылды. 16-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Ак-Суу айылында 5км ички чарбалык жол, 500метр ички чарбалык арык, 4 суу алгыч, 5га үлүш жер тазаланган. 

Мындан сырткары Алга айылында 14га үлүш жер, Камуна айылында 250метр ички чарбалык арык, Эскоочу айылында 5 турак үйдүн жер төлөөсү. Интернационал айылында бир дүкөн, Маргун айылында 300м латок, Даргаз айылында 1,5км ички чарбалык жол, Дархум айылында 3 чакырым ички чарбалык жол, Чурбек айылында 3 чакырым жол тазаланган, 59 баш мал көмүлдү. 17-май күнү тиешелүү иштер улантылат.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында 2018-жылдын 13-май күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-майындагы №02/89 “Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө” буйругу чыккан. 

Баткен районундагы Кара-Булак айыл аймагында 2018-жылдын 12-май күнү саат 20:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Катта-Тал тилкесинде сел өтүүчү сайдан суу ашып, ички чарбалык унаа жолду каптап, жол жабылган. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес. Айылга баруучу айланма жол бар. Кырсыктын кесепетин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, 16-май күнү ички чарбалык унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив