Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди

17 апр 2018, 13:21    bishkek
Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 «Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган токтому аны дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин санын кыскартуу боюнча жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө Жобого айрым өзгөртүү жана толуктоолордун киргизилишин карайт.
Алсак, өзгөртүүлөр киргизилгенге дейре акчалай компенсация катталган жери боюнча дайындалган. Жыл сайын компенсация алуучулардан жашаган жеринен маалымдама талап кылынчу (алуучулардын көп бөлүгү кары-картаңдар), мүмкүнчүлүгү чектелген жактар майыптыгын тастыктаган, же кайра күбөлөндүрүүчү документтерди кагаз жүзүндө тапшырып турушкан.
Жаңы Жободо төмөнкүлөр:
- акчалай компенсацияны иш жүзүндө жашаган жери боюнча, арыз берүүчүнүн каттоосун талап кылбастан, дайындоо;
- арыз берүүчүдөн талап кылынган документтердин тизиминен жашаган жеринен маалымдаманы жоюу;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аймактык подразделениелеринин министрликтин ички электрондук маалыматтар базасы, б.а. корпоративдик социалдык маалыматтык көмөк тутуму аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген жактар тууралуу тастыктаган маалыматты өз алдынча уюштуруусу;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтар менен электрондук түрдө алмашууну караштырган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашууларды түзүүсү каралган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив