Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай нур төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай нур төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

17 май 2018, 09:22    bishkek
0 комментарий   
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!
Урматтуу мусулман туугандар!

Сиздерди Жараткандын куту төгүлгөн, руханий тазалануунун, тынчтыктын жана кечиримдүүлүктүн айы болгон ыйык Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айында береке жаап, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ынтымак бекемделет. Момун мусулмандар жаман сөздөн алыс болуп, муктаждарга садага берип, тууганчылык, достук мамиле артып, соопчулук  иштер арбын жасалат. Жан дүйнөбүз арууланып, таза ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулабыз.

        Бул айда Жаратканыбыздын ыраазычылыгына ээ болуу  – баарыбызга насип этсин. Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай нур төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Элибиздин пейили кенен, ынтымагы бекем болсун! Эгемендүү Кыргыз мамлекетибиз өнүгүп өссүн!
        Орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын!”скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;