Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Жалал-Абад облусунун Аксы районуна киргизилген "Өзгөчө кырдаал" тартиби абал турукташкандыгына байланыштуу алынды 

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна киргизилген "Өзгөчө кырдаал" тартиби абал турукташкандыгына байланыштуу алынды 

17 май 2018, 08:59    bishkek
0 комментарий   
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында 2018-жылдын 12-май күнү колоттордон түшкөн сел суулар Шынаа айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунун 8 чакырымын, №38 жол тейлөө ишканасынын балансындагы унаа жолунун 7 чакырымынын беттерин жууп кеткен. Жол каттамы ачык. Ошондой эле сел арыктардан түшкөн сел суулары болжол менен 70 турак үйдүн короо-жайларын каптаган. 2018-жылдын 14-май күнү ошол эле жерлерден сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду жана 87 турак үйдүн короолорун (70 турак үйдүн короо-жайларын кайрадан каптаган) сел суулары каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 экскватор, №38 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 сомосвал тартылган. 16-май күнү аба-ырайы туруксуз болгондугуна байланыштуу иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. 17-май күнү иш-чаралар улантылат.
Кош-Дөбө айыл аймагында 2018-жылдын 14-май күнү саат 16:00 чамасында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу кокту-колоттордон сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду жана Атана жана Бай-Кыштак айылдарындагы 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана 16 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Жаңак айылындагы 180 кожолукту тейлеген Мундуз-Сай селканасынан өткөн таза суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлерин сел жууп кетип, ичүүчү суу үзгүлтүккө учураган.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга №12 ЖТИ 2 самосвал, 1 погрузчик, 1 грейдер тартылып, ички чарбалык унаа жолдорду калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 17-май күнү иш-чаралар улантылат.

Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин буйругунун негизинде 13-май күнү №119 буйругунун негизинде “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген. Аба-ырайынын турукташкандыгына байланыштуу “Өзгөчө кырдаал” тартиби 15-май күнү №128-б буйругунун негизинде жоюлган.

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;