Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Абсамат Масалиевдин арбагына асылган АШАнын “шестеркасы” Мурадыл Мадеминовго коомчулук нааразы

Абсамат Масалиевдин арбагына асылган АШАнын “шестеркасы” Мурадыл Мадеминовго коомчулук нааразы

16 май 2018, 16:40    bishkek
0 комментарий   

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин амири менен депутат болуп, анын шоопуру Икрамжан Илмияновдун “кылмыштуу” буйруктарын “кыңк” этпей аткарып келген Мурадыл Мадеминов деген депутат бар. Акыркы кездери АШАнын адвокатына айланган Мадеминов кожоюну үчүн бүтүндөй кыргыз элинин жаркын уулу, маркум Абсамат Масалиевдин арбагына асылганга чейин барды.

Ал парламенттин 16-майдагы жыйынында Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиевдин “Атамбаевдин кол тийбестигин алыш керек” деген демилгесин сынга алып, анын атасынын арбагына чейин шек келтирди. Мадеминовдун логикасына таянсак, Масалиевдер 1985-1990-жылдары Мамлекеттик резиденцияда жашап элге чыккынчылык кылган экен. Ошол учурда А.Масалиевдин Кыргызстанды башкарып турганын баары билет. Андыктан, Мадеминовдун бул тыянагы жеткен бузукулук, чагымчылдык, тарыхый инсандарды сыйлаганды билбеген тайкылык.
Кызыгы, Мадеминов да Абсамат Масалиев да Кадамжай районунун кулундары. Ал эми бул эргул коргоп жаткан АША экөөсү биригип Масалиевдин тырмагына да арзыбай турганын чындык үчүн айтып коелу. Мадеминов айткандай, Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасабай эле, кылымга тете афераларды ишке ашырып, өз чөнтөгүн гана ойлоп келгени күн өткөн сайын далилденүүдө.

Атамбаев ким? Атамбаев контрабандист, коррупцинер, журт бузар, трайбалист, канкор. 6 жыл бою кымбат баалуу товарларды чет өлкөдөн контрабандалык жол менен ташып, аны калкалап, Дача-СУда 40тай адамдын өлүмүнө себепкер болгон канкор. Кытайдан келген карыздын тең жарымын сугунуп, Кыргызстанды сызга отургузган ууру. Атамбаев баштаган долбоорлордун тең жарымы ызы-чуу менен токтоп калган болсо, мамлекеттин эсебинен алган карыздарды четинен уурдаган.

Социалдык тармактарда Мадеминовдун бул жоругу катуу сынга кабылап, аны Атамбаев менен кошуп туруп камап салууну сунуш кылгандар чыгууда. Ал эми Абсамат Масалиевди пир туткан коомчулук, кадамжайлыктар мындай бузукуну элге кошпой коюудан кайра тартпайбыз деп турат. АШАнын элдин ырыскысын уурдаган акчасына көпкөн Мадеминовго коомчулук жакында баасын берет. Ал эми Илмиянов менен жасаган “арам иштерин” тез арада укук коргоо органдары илктеп, Мадеминовду жоопко тартуу керек. Мындай бузукулардын барынан жогу артык эмеспи...


скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;