Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Өзбекстанда окуучулардын чекесине «эки» койгон мугалим иштен алынды

Өзбекстанда окуучулардын чекесине «эки» койгон мугалим иштен алынды

16 май 2018, 16:36    bishkek
0 комментарий   
Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги окуучулардын чекесине «эки» койгон Бекабад шаарындагы №5 мектептин мугалими жумуштан алынганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары мекеменин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.
Күн мурун Бекабад шаардык прокуратурасы менен Ташкент облустук билим берүү башкармалыгы бул иш боюнча териштирүү иштерин баштаганы кабарланган. Ага чейин 1-класстын чекесине «эки» коюлган окуучуларынын сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланган.
Тартиби начар жана начар окуган окуучуларды чекесине «эки» коюу менен жазалаган мугалимдин жоругу прокуратура тарабынан «психологиялык кыйноо көрсөтүү» катары бааланууда.
«Мекемеде окуучулардын укугун бузууга, алардын ар-намысын кемсинтүүгө шарт түзгөндүгү жана тиешелүү деңгээлде көзөмөл болбогондугу үчүн директор менен эмгек келишими бузулду», — деп жазылган Элдик билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө.
Ошондой эле бул ишке байланыштуу өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылган деп директордун эки орун басары, ошондой эле башталгыч класстардын эки мугалими жумуштан алынды.
Ташкент облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси мугалимдердин мындай жоругунан жабыркаган окуучулардын ата-энелерине барып, кечирим сурады. Элдик билим берүү министрлиги окуучулардын укугу бузулган кандай гана көрүнүш болбосун, күнөөлүүлөргө карата катуу чаралар көрүлө турганын билдирди.скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;