Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Албек Ибраимовдон махинация: гектарлаган жер тилкелеринин мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кетишине неге жол берилген? 

Албек Ибраимовдон махинация: гектарлаган жер тилкелеринин мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кетишине неге жол берилген? 

16 май 2018, 11:44    bishkek
Бишкек мэриясы 86 гектар жер тилкесин адегенде 5 жылга ижарага берип, андан ары сатылып кеткени боюнча жакында эле парламентте сөз болгону маалым. Бүгүнкү күндө бул маселени тиешелүү органдар иликтөөгө алууда. Коомчулук дагы буга кулагын түрүп, калаа башчысы Албек Ибраимовдун өзүм билемдик саясатынын арты кандай болуп бүтөөрүнө көз кырын салып турган убагы. Андыктан биз бул маселенин түпкү чоо-жайын иликтөөгө алып көрдүк.

Бишкек мэриясынын ишмердүүлүгүндө мэриянын кээ бир кызматтагы адамдары жана шаардык кеңештин айрым депутаттары тарабынан коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгына зыян алып келген, муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз жол менен колдонууга берген коррупциялык схема “көз жарганы” эми четинен ачыкка чыга баштады. Анын таржымалы мындай. Жеке булагыбыздан келген маалыматка таянсак, 2005-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен «Спецстройсервис» Мамлекеттик ишканасына Бишкек шаарындагы Түштүк зонасында жайгашкан 187 га аянтындагы жер тилкеси бөлүнгөн. Андан кийин 2006-жылдын августунда КР өкмөтүнүн токтому менен Бишкек мэриясына мурда «Спецстройсервис» мамлекеттик ишканасына тиешелүү болгон 187 га жер тилкесин «Республикалык административдик-маданий борбор» комплексин жана атайын багыттагы обьектилерди куруу үчүн «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасына берүү табышталган. Бул токтом бүгүнкү күнгө чейин күчүн жогото элек.
Бирок, Бишкек мэриясы КР өкмөтүнүн бул токтомун көңүлгө албай, өзүнүн 2006-жылдагы токтомун жокко чыгарат дагы жана «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасына бөлүнгөн жер тилкесинин аянтын 22,45 га чейин кыскартат.
2015-жылдын майында «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасы («БГА» муниципалдык ишканасы) «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасына 86,42 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча курулуш багытындагы тыянак даярдайт. Өз кезегинде Бишкек шаарынын жер тилкелерине укук берүү боюнча Комиссиясы бул курулуш тыянагын кайра иштеп чыгууга жөнөткөн. Себеби, «БГА» муниципиалдык ишканасы мурда «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасына берилген 22,45 га жер тилкесин эске алган эмес.
Буга байланыштуу «БГА» муниципалдык ишканасы «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасына 65 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча жаңы курулуш тыянагын даярдайт. Бирок, Комиссия кандайдыр бир негизи жок эле жогоруда айтылган жер тилкесин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасына берүүдөн баш тарткан экен.
Андан кийин «БГА» муниципалдык ишканасынын дарегине жеке жана юридикалык жактардан көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча арыздар келип түшө баштайт. Алардын айрымдарынын таржымалына учкай токтоло кетели.
2017-жылы «БГА» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу менен, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын макулдугу жок эле, ошондой эле Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын деталдуу пландоо Долбооруна ылайык 1,543 га жер тилкеси коомдук имараттарды курууга багытталганын эске албастан, тездетилген процесс менен бул жерди көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн берүү тыянагын чыгарып салат.
Андан ары Комиссия тарабынан конкурс өткөрүлөт, анын жыйынтыгы менен Комиссия 1,543 га жер тилкесин 5 жыл мөөнөткө жеке жакка көп кабаттуу турак үйлөр комплексин куруу жана долбоорлоого колдонууга берет. Бирок, КР Жер кодексине ылайык, жер тилкеси 5 жылга убактылуу колдонууга болгону айрым учурларда гана берилет. Бул кырдаал андай учурга кирбейт.
Эми Бишкек мэриясынын муниципалдык жер тилкелерин чыгаруу боюнча коррупциялык схемасы тууралуу кеп кылалы. 2015-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгына 25 га жер тилкеси мөөнөтсүз колдонууга берилген.
Андан 2 жылдан кийин, башкача айтканда, 2017-жылы жер ресурстарынын Башкармалыгы эч кандай себеби жок эле Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгынын дарегине жогорудагы жер тилкесин өздөштүрүү боюнча маалыматтарды берүү катын жолдойт. Өз кезегинде мэриянын капиталдык курулуш Башкармалыгы ошол эле күнү каржылоо жок болгонуна байланыштуу ал жер тилкеси өздөштүрүлө электигин билдирген жоопту жөнөтүшөт.
Буга байланыштуу Бишкек мэриясы мэриянын капиталдык курулуш Башкармалыгынын катына негиздеп, өзүнүн 2015-жылдагы токтомун жокко чыгарган Албек Ибраимовдун колу коюлган токтомду токуйт. Натыйжада 25 га жер тилкеси мэриянын капиталдык курулуш Башкармалыгынын карамагынан чыгарылат.
Мына ушул токтом чыккандан кийин «БГА» муниципалдык ишканасы КР мыйзамынын жогорудагы көрсөтүлгөн талаптарын бузуу менен мурда мэриянын капиталдык курулуш Башкармалыгына бекитилген территориядагы 3,5 га жер тилкесине курулуш тыянагын чыгарып Комиссиянын кароосуна алып чыгат.
Андан кийин Комиссия тарабынан конкурс өткөрүлөт. Анын жыйынтыгы менен 2018-жылы Бишкек мэриясынын жер ресурстары Башкармалыгы менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер тилкесин 1 млн 400 миң сомго ижарага берүү боюнча келишим түзүлөт.
Андан ары конкурстун жеңүүчүсү 3,5 га жер тилкесин бөлүүгө жер ресурстары Башкармалыгынын макулдугун алып, анын 1 гектарын 2 млн сомго сатып жиберген.
Мына ушул фактынын өзү эле Бишкек мэриясынын комиссия мүчөлөрү соодалашуунун туура эмес ыкмасын тандап алышканын көрсөтүп турат. Алар аукцион аркылуу соодалашуунун ордуна комиссия конкурс белгилеп койгон. Анын арты менен жеңүүчү жер тилкесине төмөндөтүлгөн баада колдонууга укук алып, андан соң анын болгону 1 гектарын 2 млн сомго сатып атат.
Белгилей кете турган нерсе, бүгүнкү күнгө чейин эки кырдаалда тең Комиссиянын отурумунун кол коюлган протоколу жок.
Демек, Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызматтагы адамдары жана комиссия мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен, ошондой эле мэриянын капиталдык курулуш Башкармалыгынан 25 га жер тилкесин Албек Ибраимов кол койгон мэриянын токтомунун негизинде алынып салынышы менен, андан ары жер тилкесин колдонууга укук берүү аркылуу мамлекетке опол тоодой чыгым келген. Анын арты менен жеке адамдар киреше таап, бирок бюджетке ушул күнгө чейин тиешелүү төлөмдөрүн төлөбөй жүрүшөт.
86 гектар оңой жер эмес. Бул маселени тийиштүү органдар иликтеп, юридикалык баасын бериши абзел. Бишкек мэри Албек Ибраимовдун жана аны менен “табакташ” болгондордун күүнөөлөрү далилденсе, мыйзам чегинде жазасын алышы керек. Бул бүгүнкү күндүн, жалпы элдин талабы болуп турат...скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 10 марта 2019 00:07
Where Can I Buy Effexor Xr Viagra Taglich priligy 60 mg Fiat Propecia L'Ejaculation Rapide
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив