Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Өкмөт Айыл чарба министрилигиндеги 516 орунду жойгону турат

Өкмөт Айыл чарба министрилигиндеги 516 орунду жойгону турат

16 май 2018, 08:27    bishkek
0 комментарий   
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 6 жылдык башкаруусунда мамлекеттик чиновниктердин саны эбегейсиз көбөйгөнү аз келгенсип, жалаң тааныш-билиш менен кызматка алуу өнөктүгү кенен кулачын жайган. Муну элибиз да танбайт. Шоопур, кампачы, жансакчылар чоң-чоң креслолорду кучактап, оюна келгенин жасаганы менен баарына эл чыдады. Бирок, Атамбаевдин кланынын 6 жылда ашыкча тайраңдап, элдин ырыскысын ыксыз чачканы күн сайын калкып чыгып жатканы элдин кыжырын катуу келтирди.

Өткөн жылы министрлер кабинетинен башына келген Атамбаевдин “балашкасы” Сапар Исаков чиновниктердин санын кыска аралыкта 2 эсеге чейин азайтам деп сөз берип, кызматка баргандан кийин бул убадасын тез эле унуткан. Алакандай Кыргызстанда 40 миңден ашуун чиновниктин ашыктык кыларын Атамбаевчилер эң жакшы билет. Бирок, азыркы бийликтен кынтык таппай, өкмөттүн оптимизация жана ыксыз чыгымдарды кыскартуу аракетин катуу сынга алып чыкты.

Чынында азыркы өкмөт чечкиндүү реформаларды баштап, мамлекетти көтөрүү үчүн бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелерди жоюп, бир катар министрликтеги ашыкча штаттарды кыскартууга бел байлады. Муну менен бюджет үнөмдөлөт, натыйжалуу иштегенге жол ачылат. Маселен, 27 жылдан бери айыл-чарбасын талкалоого гана салым кошуп, курулай отчет менен алектенген Айыл чарба министрилигиндеги 516 орунду жойгону турат. Мындан башка да мекемелердеги жөн эле бюджеттен айлык алып жаткандардын ордулары жоюлат.

Тилекке каршы, Атамбаев жана анын маалыматчылары муну тескери нукка буруу менен бийликти жаман көрсөтүүгө далбастоодо. Эгер алардын Кыргызстанга көзү түз болгондо, өлкө өнүгүп эл турмушу жакшырсын деген оюу болгондо мындай реформаларды колдоп чыкмак. Бирок, аны булар эч качан каалабайт. Келечектеги 6 жылда Кыргызстан артка кетип, ушул бойдон итке минип кала берсек деп тилеп отурат. Анткени, булардын башка айласы калбады. Коррупцияга каршы күрөш АШАчылардын бет кабын сыйрап, чыныгы жүзүн элге көрсөтүп жатса башка эмне кылсын. Ошентсе да силерге эл ишенбейт.скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;