Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды
Улукбек Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда"
Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"
С.Жэээнбеков: Все равны перед законом. Ошибаются те, кто думает оказать давление на власть, выведя народ на улицы
Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”
Эмилбек Каптагаев: "Президент Сооронбай Жээнбековду Бабановго каршы ачык эле тукуруп жатышат"
Президенттин басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбавге жооп кайтарды
Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев жашынып алып, чоң чыр, төңкөрүшкө даярданып жатат!"
АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды
Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Издөө
» » Элге укуктук жардам көрсөтүү декадасынын үч күнүндө миңден ашуун адамга юридикалык консультация берилди

Элге укуктук жардам көрсөтүү декадасынын үч күнүндө миңден ашуун адамга юридикалык консультация берилди

06 дек 2018, 15:42    bishkek
2018-жылдын 3-декабрынан 10-декабрьга чейин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүүдекадасы бүт өлкө боюнча жүрүп жатат.  

Жарандар негизинен жөлөк пул, алимент алуу, эмгек мамилелери, кыймылсыз мүлк (жер тилкелери) жана ажырашуу учурунда келип чыккан суроолор боюнча кайрылышууда.

Декаданын алкагында бүтүндөй өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардамды аймактык юстиция башкармалыктардын алдындагы калкка акысыз акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлор, мамлекеттик нотариалдык кеңселер, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, айрым укуктук жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар, МКЮЖдын реестрине кирген адвокаттар жана ЖОЖдордогу юридикалык клиникалар көрсөтүшөт. 

3-декабрьдан баштап Бишке жана Ош шаарларында, ошондой эле Джалал-Абад менен Нарын облустарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча чоң акциялар уюштурулду. Мындай акциялар дагы төмөнкү күндөрү өткөрүлмөкчү:-         6-декабрьда - “Бишкек-Парк” соода борборунда;-         6-декабрьда - Нарын шаарынын борбордук аянтында;-         6-декабрьда - Ош шаарынын “Келечек” базарында;-         6-декабрьда - Баткен шаарынын борбордук аянтында;-         6-декабрьда -Каракол шаарында, Ыссык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгынын имаратынын ичинде;-         7-декабрьда – “Берекет Гранд” соода борборунда (Бишкек ш.);-         7-декабрьда - Талас шаарынын борбордук аянтында;-         7-декабрьда – Кара-Суу шаарындага “Туратали” базарында (Ош обл.)

 
Юридикалык жардам көрсөтүүдөн тышкары, бул акциялардын максаты болуп “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КРнын мыйзамы жанаакысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлортууралуу маалыматты жайылтуу эле. Маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү максатында, мындай акциялар республиканын баардык аймактарында өткөрүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөлөр жана ЖОЖдордо лекциялар өткөрүлмөкчү.

Декаданын негизги максаты – калктын аярлуу катмарларын укуктук жактан  корголушунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү. Укуктук жардам юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды берүү аркылуу көрсөтүлөт.Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун,USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын,Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) ишке ашырып жаткан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгү” (2-фаза) программасынын жана “Кыргызстан-Сорос” Фондунун “Укуктун үстөмдүүлүгү” программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив