Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Жогорку Кеңеште аймактарды газдаштыруу, ислам принциби менен каржылоону киргизүү, авто жолдорду жүк ташуучу унаалардан сактоо маселелери айтылды

Жогорку Кеңеште аймактарды газдаштыруу, ислам принциби менен каржылоону киргизүү, авто жолдорду жүк ташуучу унаалардан сактоо маселелери айтылды

06 дек 2018, 15:31    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочулардын койгон маселелеринин Өкмөт тарабынан чечилишин талап кылышты.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айылынын тургуну С.Нарматовдун кайрылуусу менен депутат Карамат Орозова тааныштырды. Анда С.Нарматов аймактарды өнүктүрүү жылында райондун Чешме айылындагы жолду өз эсебинен оңдоп-түзөп чыккандыгын, мамлекеттен жардам сурабай мамлекетке көмөк көрсөтүү максатында 10 гектар жер алып, иштетип, жумушчу орундарын түзсөм деген ниети бар экендигин белгилеген. Ал бул максатта 10 гектар жер алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Депутат Зиядин Жамалдинов Кадамжай районундагы сурьма комбинатын конкурс аркылуу “Тоо АТФ” компаниясы сатып алгандыгын, ал комбинаттын карыздарын жаап, жаңы жабдууларды коюп иштетүүгө убада бергендигин, бирок бүгүнкү күндө тескерисинче кырдаал түзүлгөндүгүн Өкмөткө маалымдады. Эл өкүлү аталган комбинаттын электр жарыгына, социалдык фондго, салыкка карыздары көбөйүп, жабдуулары сатылып жатат деген маалыматтар бар экенин айтып, КР Өкмөтү чара көрүп, иштете албаса кайра мамлекетке кайтаруу жагын караштырышы керектигин баса белгиледи.
Кара-Суу шаарынын борбордук бөлүгүн газдаштырууну 2019-жылы чечип берүү маселесин депутат Нурбек Алимбеков Өкмөттүн астына койду. Ошону менен катар Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылындагы Тешебаев мектебинин жаңы имаратынын пайдубалы түптөлүп, бирок жарылып кетип ошол бойдон токтоп тургандыгын дагы аткаруу бийлигине багыттады.
Депутат Бакирдин Субанбеков кредиттердин эсебинен салынган жолдорду сактоо жаатында өз сунушун ортого салды. Эл өкүлү Кара-Кечеден көмүрдү Балыкчы шаарына чейин жүк ташуучу унаалар менен ташып, андан борбор калаага, Чүй облусуна темир жол аркылуу жеткирүү керектигин билдирди.
Мамлекеттик ипотека берүү маселесине келерки жылга 1 млрд сом бөлүнүүдө. Аны ишке ашырууга 13 банк тартылып, иш алпарат. Депутат Марлен Маматалиев Кыргызстандын 90% мусулман жамааты түзөөрүн, алар бүгүнкүдөй насыя албастыгын, андыктан ислам принциби менен каржылоо системасын иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле М.Маматалиев Мамлекеттик каттоо кызматында баш-аламандык болуп жаткандыгын айтып, мекеме жетекчиси менен кайсы бир департамент башчысынын ортосунда тирешүү болуп, иш натыйжалуу жүрбөй жаткандыгын кошумчалап, Өкмөт териштирүүсү керектигин билдирди.
Балыкчы шаарынын кире беришиндеги архитектуралык курулушту алып салуу демилгеси менен депутат Бактыбек Турусбеков 3-жолу көтөрдү.
Депутат Руслан Чойбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Жыргалаң” шахтасындагы абалга көңүл бурду. “Бүгүнкү күндө банкрот абалында турган шахтаны электр кубатын өчүрүү аракети болууда. Эгер электр кубаты берилбей калса, шахтадагы жабдуулар нымдалышып, чирий баштайт. Шахтага электр кубатын тартып келүүгө эле миллиондогон каражаттар кеткен. Андыктан, азырынча электр кубатын берүүнү токтотпоо керек”,- дейт депутат.
“Бир жарым жыл мурун кабыл алынган “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” мыйзам аткарылбай келүүдө. Тиешелүү мыйзам алдындагы актылар иштелип чыга элек. Мыйзамды аткаруу кайсы орган тарабынан ишке ашырылары аныктала элек”,- дейт депутат Марат Аманкулов.
Депутат Орозбек Алыбаев Панфилов районундагы Фрунзе айыл өкмөтүндө темир жолдогу “Казарман” аттуу өткөрмө ачылбай, дыйкандар үлүш жерлерин иштетүү үчүн 15 км жерди айланып өтүп, убаракерчилик тартып келе жаткандыгын Өкмөттүн астына койду. Анын айтымында, аталган өткөрмөнү ачууга “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы уруксат бербей келет.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;