Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Манас» эпосунун күнүнө арналган иш-чарага катышты

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Манас» эпосунун күнүнө арналган иш-чарага катышты

05 дек 2018, 17:38    bishkek
1 комментарий   
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Манас» эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. 
Иш-чаранын жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан куттуктоо сөзүн окуду, анда «Манас» эпосу кылымдарды карытып келсе, сан миң сапты башына батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турган – кыргыз өнөрүнүн башаты экендиги айтылган.
«Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2015-жылдан баштап 4-декабрь Кыргыз Республикасында «Манас» эпосунун күнү деп жыл сайын салтанаттуу белгиленип келет. «Манас» эпосунун үчилтиги дүйнөлүк маданияттын бермети, кыргыздардын тарыхын, дүйнө таанымын жана рухий маданиятын камтыган, достукту, рухий эркиндикти даңазалаган кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги милдеттеринин бири бул – «Манас» эпосун жайылтуу, өнүктүрүү жана даңазалоо болуп саналат», – деп айтылат куттуктоодо.
Вице-премьер-министр кошумчалагандай, 2018-жылы Кочкор жергесинде залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракеси өткөрүлдү. Ошондой эле анын айтымында, манасчы Жусуп Мамайдын айкелин Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы «Манас» скульптуралык композициясына кошуп орнотуу пландаштырылууда.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосуна өзгөчө көз караш менен мамиле жасаган жана эпосту дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда зор эмгек жасап кеткен инсандардын бири.
Вице-премьер-министр ошондой эле эпосту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар манасчыларга жана маданий ишмерлерге өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Гость Jeakage от 18 февраля 2019 09:35
Buy Antibiotics Online Legal discount generic accutane Healthyman.Co cialis without prescription Acheter Du Viagra
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;