Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө 2017-жылга карата маалыматын жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө 2017-жылга карата маалыматын жактырды

16 май 2018, 07:55    bishkek
0 комментарий   
Кечээ,2018-жылдын15-майында,КыргызРеспубликасынын ЖогоркуКеңешининКонституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети КыргызРеспубликасынынЖогоркусотунунТөрайымы Айнаш Токбаеванын Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө 2017-жылга карата маалыматын угушту.

Анда, АйнашТокбаева сотадилеттигин ишкеашыруунун сапатын жогорулатуумаксатында Кыргыз РеспубликасынынЖогоркусотутарабынанбиркатарнегизги багыттараныкталып,аларбоюнчатиешелүүишчаралар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, бирдей соттук практика сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн- түз таасирин тийгизерин, андыктан Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул багытта тиешелүү иш чараларды жүргүзүп, 2017-жылдын ичинде жана 2018-жылдын биринчи кварталына карата бирдей соттук практиканы түзүү боюнча 8 Пленумдун токтомдорун кабыл алганын белгилеп кетти. Ошону менен бирге бирдей соттук практиканы түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту заманбап технологияларды дагы колдонууда. Облустук сотторго видео-конференц байланыш системалары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практика боюнча пайда болгон суроолорду жана маселелерди талкуулап, мыйзамды туура колдонуу түшүндүрүлүүдө-деди А. Токбаева.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жана эффективдүүлүгүн баалоо системасы иштелип чыгып, киргизилген. Бул системага ылайык, республиканын ар бир судьясынын ишмердүүлүгү баардык каралган иштердин сапаты жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароосу ар бир квартал сайын бааланат. Мындай баалоо соттордун иштерди мыйзам чегинде жана өз убагында кароо боюнча жоопкерчилиги менен бирге, сот адилеттигин ишкеашыруунун сапатынжакшыртуугаалып келериайтылды.

Жыйындын жүрүшүндө Айнаш Токбаева сот тутуму коррупцияга аралашкан судьялардан тазаланыш керек деген пикирди толугу менен колдоорунбилдирди.Бирок, Төрайымкоррупция менен күрөшүү бул тиешелүү укук коргоо органдарынын функционалдык милдеттерине кирээрин айтып, алар ар бир мындай фактылар боюнча иш алып баруусу зарыл экенинкошумчалады. Алэми сот тутумундаболсобул багытта коррупцияны алдын алуу боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө деди.

Сот системасынын дагы бир приоритеттүү багыттарынын бири катары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан электрондук сот өндүрүшүн киргизүү аныкталган. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Жогорку соту донорлордун жардамы менен бир катар иштерди жүргүзүп, үч пилоттук сотто автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүш системасы ишке киргизилүүдө жана жакын арада бул система Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизүү пландалып жатканыайтылды.Аталган система арыз сотко түшкөн мезгилден тартып, иштин материалдары атайын сканерден өткөрүлүп “электрондук иш” түзүлүп, сот отурумундагы баардык документтер электрондук форматка өткөрүлүп, иш боюнча соттук акты кабыл алынып, архивге тапшырылганга чейин электрондук түрдө жүргүзүлөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө Жогорку сотто иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы толугу менен киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.

Жыйындынсоңунда депутаттар КыргызРеспубликасынынЖогоркусотунун Төрайымынын биржылдык маалыматын угушуп, бийликтинэкибутагытыгызкызматташтаболуп, жаралганмаселелерди чогуу талкуулап,биргежоопиздесекдегенкаалоо — тилектеринбилдиришти.скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;