Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Ош облустук Ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө карата иш –чара өткөрүлдү

Ош облустук Ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө карата иш –чара өткөрүлдү

15 май 2018, 15:20    bishkek
0 комментарий   
2018-жылдын 15-май-Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү.

2018-жылдын 15-май күнү Ош облустук Ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө карата иш –чара өткөрүлдү. Бул иш- чара алгач кызмат учурунда курман болушкан кызматкерлердин айкелдерине гүл чамбарларды коюп, аларга арнап Куран аяттары окуу жана бир минута алардын элесин эскерүү менен башталды. Аталган иш-чарага ИИОдо иштеп кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болушкан кызматкерлердин жакын туугандары, ардагерлер жана Ош ОИИБнин өздүк курамы катышты. Ош ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Малик Нурдинов кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, алардын элеси эч качан кесиптештеринин эсинен чыкпай тургандыгын жана алардын өрнөктүү өмүрлөрү жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуп, Кыргыз милициясынын тарыхында ысымдары түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып, алардын ысымдары менен көчөлөрдүн, мектептердин аттары аталгандыгын жана алар жөнүндө китептер жазылып, документалдуу фильмдер тартылгандыгын баса белгиледи. Бүгүнкү иш чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын бүтүндүгун сактоодо, коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жарандардын укуктарын коргоо учурунда баатырларча курман болушкан Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ысымдарын түбөлүккө калтыруу болуп саналат.
1991-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болушкан милиция кызматкерлеринин саны 35ке жеткен.
Алардын айрымдарынын ысымдарын атай кетчүү болсок милициянын полковниктери Алиев Уран Маматканович, Султанов Адылбек Карабаевич, милициянын майорлору Эргешов Жылдызбек Абрахманович, Коробаев Маматай Жунусович, милициянын кенже лейтенанттары Сайдиев Нурланбек Жанышович, Шамурзаев Уран Жумаевич, Маккамбаев Руслан Байышович, милициянын старшиналары Карабалтаев Замирбек Алтымышович, Бокоев Жээнбек Парпиевич ж.б.. Иш-чара, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кесиптештеринин урматына Ош ОИИБнин өздүк курамынын салтанаттуу саптык жүрүш менен жыйынтыкталды.
Эскерүү күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин Буйругунун негизинде 2016-жылдын 15-майынан бери карай белгилене баштады .
Ош ОИИБнин басма сөз кызматы.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;