Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Тармактык комитет унааларды каттоо мөөнөтүн 10 күнгө чейин узартуу тууралуу мыйзам долбоорун колдоого алды

Тармактык комитет унааларды каттоо мөөнөтүн 10 күнгө чейин узартуу тууралуу мыйзам долбоорун колдоого алды

15 май 2018, 12:14    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 15-майда Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.
Долбоор аркылуу «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калган учурлар арбын.

Мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Жыйын жүрүшүндө “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жолдонду. Мыйзам долбоору мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана коррупциялык тобокелдикти четтетүү боюнча деталдаштырылган пландын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, КР транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук жактан баш ийген уюмдары, түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан жол курулушун жөнгө салуу, жолдорду жана жол курулмаларын күтүү жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” боюнча Бажы бирлигинин техникалык регламентине улуттук мыйзамдарды адаптациялоо жана ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;