Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Экс-президент Роза Отунбаева Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Экс-президент Роза Отунбаева Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

17 ноя 2018, 17:43    bishkek
0 комментарий   
Экс-президент Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.
«Сизди 60 жаш кутман курак мааракеңиз менен чын ыкластан куттуктайм! Сиздин саясий жана мамлекеттик ишмердигиңиз эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаңы түптөлүү мезгилине, өткөн 27 жыл ичиндеги оор сыноолордун жана чукул бурулуштардын учуруна туш келди. Өткөөл мезгилдин мектеби Сизди такшалтты, чоң тажырыйба топтодуңуз. Жогорку Кеңештин депутаты катарындабы, Өкмөт мүчөсү катарындабы же оппозициялык партиянын катардагы мүчөсү катарындабы, кандай жагдай болсо дагы Сиз өзүңүздүн жашоо позицияңызды жоготпой, инсандык сапаттарды бийик кармай алдыңыз деп ишенимдүү айта алам. Айрыкча 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынан кийин Ош облусундагы кырдаалды жөнгө салууда, каргашалуу июнь коогалаңын басууда жана анын кесепеттерин жоюуда Сиздин эмгегиңиз зор. Учурда мамлекеттин жүгүн көтөрүү озуйпасын аркалап турасыз, жүк оор, жоопкерчилик чоң. Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адамдын укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп ишенем. Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм! Ден-соолукта болуңуз! Кыргыз Республикасы өсүп-өнүгүп, элибиз тынчтыкта бакубат жашоого жетсин!», — деп белгиленет Роза Отунбаеванын куттуктоосунда.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;