Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков кинематографисттерди Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков кинематографисттерди Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады

17 ноя 2018, 17:35    bishkek
0 комментарий   
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  өлкөнүн  кинематографисттерин кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
«Урматтуу  кино ишмерлери жана кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар —  Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм!
Кыргызстан кинематографиясы  санжыралуу тарыхка ээ. Кыргыз киночуларынын  жараткан образдары элибиздин рухий кенчине, дүйнө таанымына  өзгөчө таасир берип, бүтүндөй бир муундун көркөм дүйнөсүнө айланды. Дүйнөлүк  коомчулук  учурунда улуттук кинобузду  „кыргыз керемети“ деп жогору баалаган.
Улуттук  кинематографтын  калыптанышы  жана  гүлдөп өнүгүшү  улуу жазуучу жана ойчул  Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта.  Залкар жазуучунун  чыгармалары — улуттук кино өнөрүнүн көөнөрбөс башаты.  Анын адабий  мурасы азыркы күндө да  кино искусствосунун жаратуучулары үчүн  түгөнгүс булакка айланып олтурат.
Быйылкы  Кыргыз киносунун күнү  борбор шаарыбыздагы  алгачкы „Ала-Тоо“ кинотеатрынын 80 жылдык майрамына туш келди. Алгачкы кинотеатр — республикалык тарыхый архитектуралык жана маданий  эстелик. Улуттук кинотүйүндүн флагманы, кино өнөрүнүн ордосу. Борбор калаабыздын  маданий  символу.
Кыргыз киносу — улуттук өнөрдүн көч башында болуп,  дүйнөлүк кадыр-барктуу фестивалдарда жогору бааланып, эл аралык деңгээлде зор резонанс жаратып келет. Кинематографисттерибиз жакшы салттарды улантып, мындан ары да элибизди жаратмандыкка, адамдык  бийик касиеттерге шыктандырган мыкты тасмаларды тартуулай берет деп ишенем. 
Бардыгыңыздарга  чың  ден-соолук жана  чыгармачыл зор ийгиликтерди, ал  эми эгемендүү Кыргызстаныбызга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!»скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;