Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

14 ноя 2018, 15:18    bishkek
0 комментарий   
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова:  Мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик  билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 
«Мамлекет  тарабынан  саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик  билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Муну менен бирге медициналык адистерди даярдоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин реалдуу суроо-талабы эске алынбай жатат».  Бул тууралуу  Кыргыз  Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнү реформалоо: Көйгөйлөр жана чечүү жолдору» темасында өткөн  төгөрөк стол жыйынында билдирди.
Өз сөзүндө вице-премьер-министр  медициналык адистиктерге  студенттерди кабыл алууда суроо-талап эске алынбай жатканын, буга байланыштуу айрым адистиктер боюнча кадрлардын жетишсиздиги байкалса, башка  адистиктерде ашыкча болууда.
«Жыл сайын медициналык жогорку окуу жайларынан 2500гө жакын студенттер бүтүрүп чыгышат.  Дээрлик бардык ординаторлор шаарда калууну каалашат. Алсак, 92% ординаторлор Бишкек шаарында жана  Ош шаарында 60% калышууда. Мындан улам түрдүү багыттагы адистиктерди даярдоо боюнча жана практикалык суроо талап ортосунда  тең салмаксыздык   пайда болууда.  Жыйынтыгында алар жумушка орношо албай калышууда», – деп баса белгиледи вице-премьер-министр.
Ошондой эле А.Өмүрбекова үй-бүлөлүк дарыгерлердин макамын жогорулатуу, социалдык шарттарын жакшыртуу, аталган адистиктин жагымдуулугун арттыруу зарылдыгын белгиледи.
«Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медайымдардын, фельдшердик-акушердик пункттардын медициналык кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылды.  Биз дарылоочу-диагностика коюу процессиндеги ар бир кызматкердин салымын баалайбыз», – деди Алтынай Өмүрбекова.
Белгилесек, тегерек сөл алкагында клиникалык базалардын жетишсиздиги, лицензиялаштыруу жана аккредиттөө маселеси, айыл жергесиндеги жана алыскы аймактардагы врачтардын тартыштыгы, диплом алуудан кийнки деңгээлдеги медициналык кадрларды даярдоого бирдиктүү стандарттардын жана талаптардын жоктугу, медик-студенттердин ашыкча саны сыяктуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
Маалымдама: Кыргыз Республикасында 12 мамлекеттик жана жеке медициналык жогорку окуу жайы жогорку медициналык билим берет. 15 жогорку окуу жайда жана илимий борбордо ординатурада даярдык өткөрүлөт.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;