Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы санариптик трансформация маселелери боюнча Эксперттик кеңеш кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы санариптик трансформация маселелери боюнча Эксперттик кеңеш кезектеги жыйынын өткөрдү

14 ноя 2018, 10:18    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президентинин санариптик трансформация маселелери боюнча кеңешчиси, Эксперттик кеңештин координатору  Дастан Догоев жыйындын кароосуна «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформация программасынын долбоорун сунуштады.
«Санариптик трансформация маселелери  учурда  өлкөнүн Президентинин өзгөчө контролунда турат, анткени санарипке өткөрүү өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн көптөгөн факторлоруна, Кыргызстандын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, коррупцияны кыскартууга таасир этет, — деп белгиледи  Дастан Догоев. — Бул  Программанын долбоору  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин  катчылыгынын аянтчасында Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында иштелип чыкты. Ал 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Президенттин өлкөнүн санариптик экосистемасынын архитектурасын өнүктүрүү модели боюнча Эксперттик кеңештин сунушун карап чыгуусунун жыйынтыгы болуп калды. Программанын долбоору санариптик жана санариптик эмес трансформациялоонун негиздерин камтыйт. Санариптик эмес негиздер бул мыйзамдарды, билим берүүнү өркүндөтүүнү жана мамлекеттик институттарды күчөтүүнү билдирет. Ошондой эле Программаны ишке ашырууну камсыз кылуу максатында башкаруу модели так аныкталган».
Эксперттик кеңештин мүчөлөрү Программанын долбоорун колдоп, кибер коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууну сунушташты, ошондой эле калк арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча билим берүү системасын реформалоонун маанисин баса белгилешти.
Атап айтканда, жалпы билим берүү системасына санариптик маданият багытын киргизүү маселелери сунушталды.
Эми «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформация программасынын Концепциясынын долбоору донорлордун катышуусу менен эксперттик талкууга коюлат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив