Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Тажикстанда айрым ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы жогорулайт

Тажикстанда айрым ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы жогорулайт

14 ноя 2018, 10:03    bishkek
0 комментарий   
Тажикстанда жаңы жылдан тарта коомдук тамактануу жайлары, окуу жайлар жана курулуш компаниялары үчүн кошумча нарк салыгы 18 пайызды түзүп калат. Акыркы беш жылдан бери бул мекемелер жеңилдетилген шартта кошумча нарк салыгын 5 пайыздан төлөп келишкен.
2013-жылы Тажикстанда кошумча нарк салыгын 18 пайызга чейин жогорулаткан жаңы Салык кодекси ишке кирген. Ал дароо эле эксперттер менен бизнес-коомчулугунун сынына кабылган. Жаңы кодекстин кемчиликтерин өкмөт өзү дагы моюнуна алып, бир жылдан кийин окуу жайлар, коомдук тамактануу жайлары жана курулуш компаниялары үчүн кошумча нарк салыгынын ченин убактылуу 18 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөткөн.
Өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы салык саясаты башкармалыгынан билдиришкендей, 2019-жылдын 1-январынан тарта окуу жайлар, курулуш компаниялары жана коомдук тамактануу жайлары кошумча нарк салыгын стандарттуу чен менен 18 пайыздан төлөй башташат.
Министрлик жеңилдетилген чендин мөөнөтүн узартуу боюнча токтом долбоору даярдалганын, бирок анын өкмөт тарабынан жактырылаар-жактырылбасы белгисиз экенин билдиришти. Ал ортодо өлкөнүн Салык комитети компаниялардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерине жеңилдетилген чендин жоюла тургандыгын эскертишүүдө.
Душанбедеги ашканалардын биринин ээси Теша Зухуров салыкчылар жаңы жылдан тарта кошумча нарк салыгы 18 пайызды түзө тургандыгын эскертишкенин ырастады. «Быйыл сууга жана электр энергиясына болгон тарифтер жогорулатылды. Кардарларды кармап туруу үчүн биз тамак-аштын баасын көтөргөн эмеспиз. Эми 1-январдан кийин бааларды жогорулатууга аргасыз болобуз», — деди ал.
Жеке мектептер менен лицейлердин жетекчилери дагы кошумча нарк салыгы жогорулай тургандыгы жөнүндөгү билдирүүлөргө тынчсызданышууда. «Биз эч нерсе өндүрбөсөк, эч нерсе сатпасак, эмнеге кошумча нарк салыгын төлөшүбүз керек?», — деп нааразылыгын билдирди өлкөдөгү алдыңкы лицейлердин биринин негиздөөчүсү Абдуфаттох Хоматов.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;