Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

12 ноя 2018, 10:25    bishkek
Тажистандагы соңку окуяларга байланыштуу кыргыз-тажик чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөтүү талабы коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева “Азаттык” радиосуна билдирди.
Анын айтымында, чек арада абал туруктуу жана кайтаруу күчөтүлгөн жок.
- Биз азыр бул багытта мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөткөн жокпуз. Болгону чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөттүк. Бизде кыргыз-тажик чек арасында ар кандай өзгөрүүлөргө каршы турчу күчтөр жана каражаттар жетиштүү.
Тажик өкмөтүнө жакын булактар менен коопсуздук өкүлдөрүнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына 9-ноябрда айткандарына караганда, Хожент шаарынын түрмөсүндөгү тополоң “Ислам мамлекети” тобунун диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон тарапкерлери тарабынан уюштурулган. Тополоң учурунда кеминде 24 адам, анын ичинде түрмөнүн эки сакчысы мерт болгон.
Маалыматка караганда, Тажикстандын түрмөсүндөгү тополоң 7-ноябрда “Ислам мамлекети” тобунун “согушкери” деп айтылган адамдын абак кайтаруучусуна кол салуусунан кийин башталган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив