Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин күчтөндүрүүнү тапшырды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин күчтөндүрүүнү тапшырды

08 ноя 2018, 17:22    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин көзөмөлдөдү.
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында транспорттук көзөмөлдү жана товарларды эсепке алууну камсыздоо боюнча чараларды күчтөндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтому аркылуу жогорудагы убактылуу пункттарды орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган, алар учурда өлкөнүн төрт көзөмөл-өтөрүү пунтунда:  «Чоң-Капка автожол», «Чалдыбар автожол», «Ак-Тилек автожол» жана «Ак-Жол автожол» пунктунда иш алып барууда.
Вице-премьер-министрге МСК, ЭККМК жана ЖККББ кызматкерлеринен куралган аймактык мобилдик топ тарабынан мыйзамсыз товар киргизүү фактыларынын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товарларды ташуу боюнча талаптардын бузулушунун алдын алуу боюнча  күнү-түнү көзөмөлдөө-ыкчам жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы туралуу маалымат берилди.
Жеңиш Разаков товарларды эсепке алуунун айкындуулугун жогорулатуунун маанилүү экендигин баса белгиледи, буга байланыштуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүктөрдү фиксациялоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, аймактык мобилдик топко мыйзамсыз товарларды киргизүү менен алектенген жактарга карата катаал чараларды көрүү тапшырылды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив