Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Басма сөз жана маалымат күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Басма сөз жана маалымат күнүнө карата куттуктоосу

07 ноя 2018, 18:04    bishkek
0 комментарий   
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан кесиптик майрамыңыздар - Басма сөз жана маалымат күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бүгүнкү заманбап шартта коомдун социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүшүндө олуттуу таасири бар. Айкындуулук жана бейтарап маалымдуулук болбосо укуктук мамлекет куруу мүмкүн эмес. Биздин жашоону маалыматсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан журналисттердин коомдо аткарып жаткан милдетин жогору баалашыбыз керек. Сиздердин түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздердин натыйжасында Кыргызстандын эң алыскы аймактарында жашаган жарандарыбыз да өлкөдө болуп жаткан ар бир окуядан кабардар болууга мүмкүнчүлүгү бар.
Урматтуу журналисттер!
Бүгүнкү күндө ата-мекендик журналистикада журналисттик кесиптин жоопкерчилигин сезген жана жогорку моралдык принциптерге ээ адистердин иштеп жатканы кубандырат. Жогорку Кеңеш ЖМК үчүн ачык мамлекеттик орган катары мындан ары да журналисттер менен тыгыз кызматташып, мыйзам чыгаруу бийлиги менен журналисттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун үстүндө иштөөсүн улантат.
Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Бекем ден соолук, бакубат турмуш каалап, чыгармачылык ийгиликтерди тилейм.
 
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы                             Дастанбек Жумабеков
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;