Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалайбыз жана ага таянабыз

Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалайбыз жана ага таянабыз

07 ноя 2018, 17:57    bishkek
0 комментарий   
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков республикабыздын журналисттерин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
»Урматтуу маалымат жана басма сөз чөйрөсүнүн кызматкерлери! Кымбаттуу журналисттер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!
Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө чоң таасир этүү менен өнүккөн жарандык коомдун эң маанилүү бөлүгү болуп калды. Алар жарандарыбыздын көйгөйлөрү менен жашап, окуялар агымынан калышпай ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды ыкчам алууга көмөктөшөт.
Бийлик менен басма сөз ортосундагы ачык диалог — биздин ишибиздин ажырагыс бөлүгү. Жалпыга маалымдоо каражаттарысыз мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу механизмин элестетүү мүмкүн эмес.
Журналисттер дүйнөлүк коомчулуктагы Кыргызстандын позитивдүү образын калыптандырууга активдүү көмөктөшөт деп ишенем.
Өлкөнү өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыз кылууга, бардык мамлекеттик башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалайбыз жана ага таянабыз.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык кызматкерлерине бакыт-таалай, ден-соолук, бакубатчылык жана коом тарабынан татыктуу бааланган чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;