Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Билим берүү тармагындагы көйгөй: Сапаттуулугу сай-сөөктү сыздаткан мектептер үчүн ким жооп берет?

Билим берүү тармагындагы көйгөй: Сапаттуулугу сай-сөөктү сыздаткан мектептер үчүн ким жооп берет?

02 ноя 2018, 19:36    bishkek
“Республиканын айрым жерлеринде союздун тушунда курулушу башталып, арабөк калган мектептер бар. Мисалы, андай көрүнүштөрдүн бири Панфилов районуна туура келет. Андагы 1990 – жылдары салына баштаган мектеп бүгүн да бүтпөй турат. Шамалдуу – Сай шаарчасында дагы 1988-жылдан бери токтоп турган мектеп бар. Ошондуктан, мындай курулушу узакка созулган билим берүү мекемелерин тезинен бүткөрүп, жаңыларын салууга азырынча мораторий киргизүү сунушталган”, - дейт ЖК депутаты Алмазбек Эргешов кечээ, 1 – ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде. 
Ошондой эле депутат Жалал – Абад областынын Аксы районундагы Жылдым айылындагы М.Барпиев атындагы мектепте бир дагы гүл өспөгөндүгүн айтып, буга андагы курулуш матералдарынын курамынан бөлүнүп чыккан уулу заттар себеп болуп олтургандыгын мисалга келтирди. Мындай мектепте окуган балдардын саламаттыгына да олуттуу доо кетип жаткандыгына ким жооп берет? – деген ойлондуруучу чоң суроо тургандыгын кошумчалады эл өкүлү.
Нарын областынын Кочкор районуна караштуу Туз айылында дагы арзан жана тез салынуучу материалдардан тургузулган мектептин ишке берилгени да кыйла көйгөйдү жаратып жаткандыгын уктурууга катышкан Мамлекеттик курулуш агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыров билдирди. Ошондой эле чатырларда окутуу иштерин улантып жаткан мектеп тибиндегилердин абалы да чукул арада чечилиш керек. Муну өкмөттүк деңгээлде карап жатабыз, - дейт адис.
КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да жогорудагы Кочкор районундагы Туз айылындагы мектепти курууга убагында Түштүк Кореядан келген фонд колдоо көрсөткөндүгүн билдирди. Ошондой эле ал, - кандай гана фонд, инвесторлор келбесин иштин арзандыгына карабастан, сапаттуулугуна баа берүү зарылдыгын кошумчалады . 
Радиопрограмманын жүрүшүндө балдар бакчалары менен мектеп имараттарынын курулуштары тууралуу маалыматтар айтылып, бул багыттагы угуучулардын суроолоруна жооптор берилди.
 скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив