Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Түркмөнстанда карызы бар жарандардын газы менен жарыгы өчүрүлүүдө

Түркмөнстанда карызы бар жарандардын газы менен жарыгы өчүрүлүүдө

02 ноя 2018, 12:30    bishkek
Түркмөнстандын Дашөгүз облусунун бийлиги калкка көрсөтүлгөн коммуналдык кызматтардын, газдын, электр жарыгынын жана суунун акысын төлөтүү үчүн мажбурлоо чараларын көрүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бийлик мажбурлоо чарасы катары карызы бар жарандардын газын өчүрүүдө.
«Газ чарбачылыгынын кызматкерлери ченөө жабдууларынын бар-жогун текшерип, эсептегичтеги көрсөткүчтөрдү жазып, дүмүрчөктөр менен башка документтерди талап кылып жатышат. Бир гана кагазы жок болуп калса айыппул жазып, карызы барлардын газын өчүрүп кетүүдө. Талап кылынган документтердин арасында ченөө жабдуусунун мамлекеттик стандарт тарабынан ырасталган сапат тастыктамасы, инвентардык китепчеси, жашаган адамдардын тизмеси жана үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат бар», — деп жазды басылма.
Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, учурда коммуналдык кызматтар үчүн карызы барларды жазалоо иштери массалык түрдө жүргүзүлүп, Газ чарбачылыгынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте үймө-үй кыдырып рейд өткөрүшүүдө.
Азырынча Дашөгүз облусунда канча адамдын коммуналдык кызматтар үчүн карызы бар экендиги жана алардын канчасы газсыз, электр жарыгысыз калганы белгисиз. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн маалымат алууга мүмкүн болгон жок.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив