Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Жогорку Кеңеште курулушу бүтпөгөн мектеп, жаш үй-бөлөлөргө бөлүнбөй жаткан жер тилкеси, жылуулук менен камсыздоодогу көйгөйлөр Өкмөткө тапшырылды

Жогорку Кеңеште курулушу бүтпөгөн мектеп, жаш үй-бөлөлөргө бөлүнбөй жаткан жер тилкеси, жылуулук менен камсыздоодогу көйгөйлөр Өкмөткө тапшырылды

01 ноя 2018, 15:09    bishkek
Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында шайлоочуларды түйшөлткөн көйгөйлөр көтөрүлдү.
Депутат Аида Касымалиева курулушу аягына чыкпаган мектептердин көйгөйү орчундуу маселеге айлангандыгына токтолуп, Ош облусунун Өзгөн районундагы курулушу бүтпөй жаткан бир катар мектептерди жана бала бакчага муктаж болгон айылдарды тизмектеди.
Өзгөн районундагы мектеп маселесин улаган депутат Улукбек Ормонов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул мектепте окуу кооптуу деп корутунду чыгарган мектептерге дагы көңңл буруу зарылдыгын кошумчалады. Мындан сырткары, У.Ормонов Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев, 54 дарегиндеги үйгө жылуулук тиешелүү өлчөмдө берилбей жатканын шаар мэриясына жолдоду.
Депутат Айнуру Алтыбаева бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондук жазылуу аркылуу болуп калгандыгын жакшы саамалык катары айтып, эми бул ыкма жер-жерлерде дагы колдонулса дейт.
Депутат Карамат Орозова Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн тургундары жаш үй-бүлөлөргө өзүнчө жер тилкеси бөлүнбөй жаткандыгын Өкмөткө багыттады. Эл өкүлү үй салууга жери жок жарандар үлүшкө берилген жерлерине үй салып алышкандыгын, курулуш болуп жатканда тиешелүү мамлекеттик органдардын бири дагы эч нерсе дебей, курулуп бүткөндөн кийин текшерүүлөр болуп жатканын сынга алды. Депутат К.Орозова жер-жерлерде үй салууга жер тилкесин ыкчамдатып трансформациялоону талап кылды.
Депутат Алмасбек Акматов Нарын районунун Жерге тал айылындагы Он-Арча суусуна көпүрө салынса, Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондоруна кеткен жол 40 кмга кыскарарын билдирди. Ошону менен катар Бишкек-Торугарт жолунан үнөмдөлгөн каражатка Нарын районунун айылдарынын ички жолдору курулат деген маселе дагы чечилбей келатканын кошумчалады.
Нарын шаарында тендер кеч өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу бир катар тургундары жылуулуксуз отурушат. Облус башчысына тапшырма берип, жергиликтүү элдин кыштын келишиндеги көйгөйүн чечип берүүнү депутат Камчыбек Жолдошбаев көтөрүп чыкты.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив