Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү санариптик трансформация боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү санариптик трансформация боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

31 окт 2018, 17:17    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады.
Дастан Догоев санариптик трансформация боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик органдардын жетекчилери, эксперттик жана жарандык коомчулуктун катышуусу менен КР Коопсуздук кеңешинин аянтчасында иштелип чыккан «Санариптик Кыргызстан» программасынын долбоору жөнүндө маалымат берилди.
Дастан Догоев белгилегендей, көрсөтүлгөн программанын концепциясы эки негизги багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери. Биринчи блок өзүнө ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү, заманбап жана адаптивдүү мамлекеттик институттарды курууну камтыйт. Санариптик факторлорго инфраструктураны куруу, өлкөдө мамлекеттин жарандар менен болгон аракеттенүүсү үчүн аянтча жана зарыл болгон жеке инвестицияларды тартууга негиз түзүүгө жол берген аймактык дата-борборду түзүү кирет. Жогоруда айтылган факторлордун бардыгы өлкөдөгү санариптик экономиканын өнүгүүсүнө негиз болуп берет.
Дастан Догоев Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын таратууга жана үйрөнүүгө көмөктөшүүсү керектигин белгиледи. Ал үчүн өлкө технологиялык трансфердин эл аралык борбору болушу үчүн бардык шарттарды түзүү керек. Иштелип чыккан жана тартылып келинген технологиялык чечимдер максаттын өзү болбой, компаниялар аркылуу сиңирилип, кийин башка өлкөлөргө экспорттолушу керек.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, бүгүнкү күндө санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен 7си толугу менен ишке ашырылды, 17 долбоор иш процессинде, калган 9 долбоор боюнча каржылоо булактарын издөө жумуштары жүрүп жатат.
Маалыматты угуп, Президент Сооронбай Жээнбеков инвесторлорду тартуу жана аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушту активдештирүү, алардын аткарылышын катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы өлкөдөгү санариптик трансформация маселесин жылдыруу маселесинде тез жана жетишерлик жыйынтыктар керектигин белгиледи.
«Санариптик трансформация, мамлекетибизге жана элибизге абадай керек. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү зарыл. Бардык жумушту тез аткарыш керек», — деп Президент белгилеп, Дастан Догоевди ушул процесстердин баарын тездетиш үчүн коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындаганын кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик трансформацияга байланыштуу долбоорлордун кечеңдеп жатышы байкалганын белгиледи.
«Бардык тоскоолдуктар жоюлушу керек. Санарипке өткөрүү биздин жарандарыбыздын жашоосун жеңилдетип, справка бергенден баштап, мамлекеттик органдар ортосундагы документ алмашуу процессине чейин жашоонун бардык тармактарын камтышы зарыл», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Сооронбай Жээнбеков маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформация технологиялык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы жана өлкөнүн экономикасынын атаандаштык жөндөмүн, жарандардын жашоо деңгээлин жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүшү керектигин белгиледи.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив