Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Депутат А.Нурбаев: “Баары сапаттуу билим берүүдөн башталат. Мугалимдердин айлыгы жогорулатылмайын келерки жылдын бюджетин кабыл албоо керек”

Депутат А.Нурбаев: “Баары сапаттуу билим берүүдөн башталат. Мугалимдердин айлыгы жогорулатылмайын келерки жылдын бюджетин кабыл албоо керек”

11 окт 2018, 18:05    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында билим берүү системасындагы көйгөйлөр Өкмөттүн астына коюлду.
Депутат Абдывахаб Нурбаев баардык маселелер сапаттуу билим берүүдөн башталаарын айтып, мугалимдердин айлыгы жогорулатылмайын келерки жылдын бюджетин кабыл албоо керектигин баса белгиледи. Ал керек болсо айрым мамлекеттик түзүмдөрдү кыскартуу менен сапаттуу билим берүүдөгү башкы критерий болгон мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү зарылдыгын айтты.
Депутат Алтынбек Жунус уулу Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылынын тургундары “айылдагы мектептин дубалы качан кулап балдарыбызды басып калат” деген коркунуч менен жашап жатканын Өкмөткө багыттады. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул мектепти окууга жараксыз деп корутунду чыгарган.
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылына жаңы мектеп куруу боюнча тендер өткөрүүдө Нарын облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзам бузулган. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматовго келген айыл тургундарынын кайрылуусунда айтылат. Анда тендерге айыл өкмөт башчысы, мектеп директору жана адамдар катыштырылган эмес.
Депутат Салайдин Абдраев Алай районунун Жаңы-Алай айылында мектеп авариялык абалда тургандыгын аткаруу бийлигинин астына койду.
Тоң районунун Оттук айылындагы мектепке окуу жүргүзүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү корутунду чыгарып, тыюу салган. Бирок окуу жүргүзүлүп эле жатат. Бул тууралуу депутат Абдыбек Дүйшалиев маселе көтөрдү.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;