Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Түркмөнстанда почта кызматтары кымбаттады

Түркмөнстанда почта кызматтары кымбаттады

11 окт 2018, 09:52    bishkek
0 комментарий   
Түркмөнстанда 1-октябрдан тарта почта кызматына болгон тарифтер жогорулады. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, баалар болжол менен 60 пайызга көтөрүлдү.
«Почта менен жүк жөнөтүүнүн тарифи кымбаттады. Эгер жакында эле 20 килограммдык жүктү Орусияга жөнөтүү үчүн 500 манат төлөнсө, эми бир килограмм жүктүн баасы 145, андан кийинки ар бир килограммы 35 манаттан эсептелип калды. Украинага мурда 20 килограмм жүк жөнөтүүнүн баасы 600 манат болсо, азыр 994, АКШга 700 манат болсо, азыр 850 манат болуп калды», — деп жазды басылма.
Түркмөнстан Борбордук банкы тарабынан белгиленген доллардын курсу 3,5 манатка барабар. Бирок көмүскө базарда иштегендер 1 АКШ долларын 20,5-21 доллардан сатып алышууда.
Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, бул быйылкы жыл ичинде өлкөдө почта кызматтарынын экинчи жолу кымбатташы. Буга чейин тарифтер январда жогорулатылган. Бирок эл бул тууралуу мурдагы жолкусундай эле жүктөрүн жөнөтүп жатканда гана билишкен.
Түркмөнстанда башка өлкөлөргө жүк жөнөтүүдө бир нече талаптар жана чектөөлөр бар. Алсак, жүктүн салмагы 20 килограммдан ашпашы керек жана тиешелүү органдардын текшерүүсү үчүн анын оозу тигилип же бекем жабылбашы зарыл.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;