Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Ашхабадда эл аралык каттамдарга авиабилеттер тартыш болууда

Ашхабадда эл аралык каттамдарга авиабилеттер тартыш болууда

10 окт 2018, 16:45    bishkek
Түркмөнстанда эл аралык каттамдар үчүн авиабилеттер тартыш болуп, жүргүнчүлөр авиакасса кызматкерлерине пара берүү менен билеттерге ээ болууга аракет кылып жатышат.
Ашхабаддык байкоочу Аманмурат Бугаевдин билдиргенине караганда, шаардын Огузхан көчөсүндө жайгашкан авиакассанын алдында күн сайын 200-250 адам кезек күтүүдө. «Маалыматтык бюрого чалып сурасаң январдын биринчи жарымына чейин билеттер жок деген жооп аласың. Борбордогу башка авиакассалар да ушундай эле жооп берип жатышат. Бирок адамдар ишенбестен кайра эле кезектерге туруп жатышат», — деди байкоочу.
Анын айтымында, айрым кассалар акча берүүгө даяр адамдарды кезексиз тейлеп, аларга билет сатып жатканы кабарланууда.
«Кезекте тургандардын билдиришинче, айрым кассалар өз тааныштарына гана билет сатууда. Адамдар билет баасынан тышкары пара катары 150-200 доллар төлөгөндөрдү көргөнүн айтып жатышат. Бирок анда пара берүүнү каалагандын баары эле билет ала албайт экен. Ортомчулар аркылуу же жогорку жактагы тааныштары аркылуу кайрылгандар гана алып жатат», — деди Бугаев.
Бул маалыматты «Азаттык» радиосунун Ашхабаддагы кабарчыларынын бири дагы ырастады. Анын айтымында, өкмөттүк кеңешмелерде билеттерди онлайн сатып алууга мүмкүн экени айтылып жатканы менен, чынында кассанын өзүнө барсаң дагы билет ала албайсың.
Аманмурад Бугаевдин айтымында, чет өлкөгө окууга кетип жаткан жаштар расмий адамдарга кайрылып, кошумча каттамдарды ачууну өтүнүшкөн. Бирок бул өтүнүч жоопсуз калган.
Өлкөнүн расмий ЖМКлары эл аралык каттамдарга авиабилеттер жетишпей жаткандыгы тууралуу эч кандай маалымат беришкен жок.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив