Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » Өкмөт ички миграцияга көзөмөлдү күчөтүү ниетинде

Өкмөт ички миграцияга көзөмөлдү күчөтүү ниетинде

10 окт 2018, 15:31    bishkek
0 комментарий   
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын орун которуштуруусу боюнча так маалыматтарга ээ болуу үчүн ички мигранттарды жашаган жеринде каттоого турууга милдеттендирүүнү сунуштоодо.
Ошол эле маалда мекеме каттоого туруудагы бюрократияны болушунча азайтып, кошумча документтерсиз эле интернет аркылуу каттоого туруу мүмкүнчүлүгү түзүлө турганын белгилөөдө.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери өлкөдө жалпысынан 1,5 миллондон ашык жаран жашаган жерин алмаштырган. Миграция боюнча 2014-жылы жарыяланган баяндамада белгиленгендей, каттоосуз жашаган ички мигранттар билим алууда, медициналык жардам жана социалдык кызматтарга жетүүдө кыйынчылыктарга кабылышат. Мындан тышкары шайлоого катышпай, милиция жана башка бийлик органдарынын алдында алсыз болушат.
Миграция кызматынын белгилешинче, ички миграцияны жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөө улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат: эмгек ресурстары ар түрдүүчө болгондуктан аймактардын өнүгүүсү текши болбойт, ички мигранттардын көп келгендигине байланыштуу шарты жакшыраак аймактарда социалдык чыңалуу күчөйт, айрым аймактардын инфраструктурасына жүктөлүш көбөйөт жана жашоочулар чек арага жакын аймактарды таштап кетишет.
Учурдагы мыйзамга ылайык, эгер жаран башка аймакка кеминде 45 күнгө көчүп келсе, анда ал жерде каттоого турууга милдеттүү. Бирок бюрократиянын көптүгү ички мигранттарды чочутат. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды кошумча документтерсиз эле мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы аркылуу каттоого тургузууну сунуштоодо.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;