Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » Президент С. Жээнбеков жумушуна келе жатканда көчөлөрдү толугу менен жаап салууга тыюу салды

Президент С. Жээнбеков жумушуна келе жатканда көчөлөрдү толугу менен жаап салууга тыюу салды

16 апр 2018, 11:05    bishkek
0 комментарий   
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы катары өз ишине киришкенден бери карай борбор калаабыздын «Ала-Арча» резиденциясынан Ак үйдү көздөй кетүүчү көчөлөрүндө эртең мененкисин мурдагыдай автотыгын солгундай түшкөнүн байкадык. Мурда шаардыктар жумушуна бара турган маалда Ч. Айтматов проспектиси толугу менен жабылып, машинелер өлкө башчысы өтө турган кортежди сааттап күтүп калышчу. Анын айынан шаардыктар жумушуна, балдар бакчаларына, мектептерге кечигип барган күндөр көп болчу. С. Жээнбеков мына ошол көрүнүштү жокко чыгарды. Ал биринчиден, өзүнүн жумуш ордуна таңкы саат 8ден эрте келип калууда, экинчиден, ал жумушуна келе жатканда көчөлөрдү толугу менен жаап салууга тыюу салды.
Ал эми 14-апрель күнү ал Бишкектен Ош шаарына катардагы авиакаттам менен учканы белгилүү болду. Бул тууралуу теле алып баруучу Нурсултан Майназаров өзүнүн социалдык баракчасына видео жүктөдү. Ал видеодо «Биздин президентибиз биз менен бирге учуп баратат» деп айтып, жалпы самолет ичиндегилердин кол чабуусуна арзыган. Бул видеону көргөндөр учурда жалаң жакшы пикирлерин билдирүүдө.
Ошол эле күнү КР президентинин аппаратынын маалымат-саясат бөлүмү С. Жээнбеков катардагы авиакаттам менен Ошко барганын тастыктады. Маалыматка караганда мамлекет башчысы өткөн 2017-жылы каза болгон бир тууган агасынын жылдыгына барган. Президент менен кошо самолетто болгону үч гана киши болгон. Анын ашыкча жан-жөкөрлөрү жок эле, эл менен чогуу самолетто учканы боюнча белгилүү коомдук ишмерлер, ЖК депутаттары да оң баасын берүүдө.

Мисалы, ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева: «Бул мага окшогон жана башка депутаттар менен мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдар үчүн «элден алыстабагыла» деген чооң бир белги болду. Экинчиси менин билишимче Сооронбай Шарипович саат 8ден эртерээк жумушка келет экен. Демек шеф сегизде жумушка келсе администрациясында иштеген кызматкерлери дагы ошол убакытка келип калганга аракет кылышат да. Бул түшүнгөн киши үчүн «түшкө чейин уктабай, жумушка эрте келгиле» деген чоң белги», - деген пикирин маалымат булактарынын бирине билдирген.

Ал эми жарандык активист Мирсулжан Намазалиев: «Президент Сооронбай Жээнбековдун Ошко катардагы учак менен учуп барышы албетте коомчулук үчүн жагымдуу көрүнүш. Муну жарандар, интернет колдонуучулары жактап жаткандан кийин бул башка чиновниктерге дагы сабак болсо керек», - деген.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бул алгачкы саамалык болуп калды. Эл камын ойлогон мамлекет башчысы эл ичинде болгондо гана кандай көйгөйлөр бар экенин, элдин жашоосу кандай экенин билет. Ошондо гана эл менен бийликтин ортосундагы көзгө көрүнбөгөн көшөгө жоголот. Демек, президент ар дайым эл менен чогуу боло турганын, элибиздин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коерун көрсөтүүдө.  скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;