Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Исхак Пирматовдун бизнес өнөктөшү, Алмазбек Атамбаевдин кампачысы Албек Ибраимовго кабыргасынан коюлган 10 суроо

Исхак Пирматовдун бизнес өнөктөшү, Алмазбек Атамбаевдин кампачысы Албек Ибраимовго кабыргасынан коюлган 10 суроо

30 апр 2018, 12:21    bishkek
0 комментарий   


Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кампачысы болуп жүрүп эле борбор калаанын мэрлигине чейин өсүп жеткен Албек Ибраимовдун ишмердүүлүгүндө да толтура коррупциялык белгилер бар экени акыркы убактарда көзгө даана көрүнө баштады. Андыктан коомчулукта ага карата конкреттүү суроолор бышып-жетилип, жообу болор бекен деген абалда турат. Эгерде ал кандай суроолор экенине Албек мырза кызыгып аткан болсо, анда биз аларды кабыргасынан коюуга даярбыз. Окуп көрүп, жообун узатып койсо каршылык жок.

1. Убагында сиз «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп турдуңуз эле, албетте А. Атамбаевдин амири менен. Ошол убакта дагы бир катар коррупциялык элементтерге жол берип жибергениңиз айтылууда. Мисалы, самолеттун бортунда жүргүнчүлөргө тамак-аш даярдоочу кухняны 15 млн долларга сатып алганыңызга учурда кызыккандар көп. Анын ошол убактагы базар баасы ашып кетсе 2 млн долларга чыкчу экен. Ошондо ошол кухняны сатып алуудан эле сиздин чөнтөгүңүздө 13 млн доллар ашыкча калган болот. Эгер сыр болбосо, анча акчаны ким менен бөлүштүңүз эле? Ачык айтып бере аласызбы?

2. Ишенимдүү булактардан келген маалыматка карасак, сиз азыр деле «Манас» аэропортун көмүскөдө башкарып жатыпсыз. Алсак, аталган аэропортко тиешелүү өтүүчү тендерлерден 15% алат экенсиз. Андан тышкаы аэропортко келүүчү автомашинелердин токтоочу жайынан түшүүчү акча каражаттарды да сиздин чөнтөгүңүзгө түз келип түшөт экен. Мунун баарын жалгыз өзүңүз эле алып жатпаганыңызды түшүнөбүз. Андыктан ким менен бөлүшүп жатканыңызды коомчулукка ачыктап койбойсузбу?

3. Эсиңизде болсо керек, өткөн жылы январь айында «Манас» аэропортуна конушу керек болгон түркиялык учак «Дача СУ» айылына кулаган болчу. Андан таңкы таттуу уйкуда жаткан мекендештерибиз оо дүйнөгө шейит кеткен. Маалыматтарга караганда мына ушундай жүк ташыган самолет 52 жолу аэропортко конгон экен. 53-жолкусунда кырсыкка кабылып атат. Ал самолеттун ар бир рейсинен эле 500 миң -1 млн доллар таза пайда калчу экен. Ошондо мындай контрабандалык жүктөрдөн 26 млндон 52 млн долларга чейин таза пайда кимдир-бирөөнүн чөнтөгүн кампайткан болуп саналат. Эгер чыныгы патриот болсоңуз, ошол жүктөр кимге тиешелүү экенин ачык айтып бере аласызбы? Анан дагы эгер кулаган учактагы жүктөргө сиздин да тиешеңиз бар экени аныкталса, анда чет өлкөлөп качпастан мыйзам алдында жоопкерчилик тартууга даярсызбы?

4. Бишкек мэрлигине келгениңизге бир жыл тололек жатып эле 84 гектар жерди 5 жылга ижарага деп сатып жибергениңиз белгилүү болду. Ал жердин ар бир гектарын 5 жылга болгону 300 миң сомдон сатыптырсыз. Мындай жерлер өтө кымбат баалана турганын өзүңүз деле жакшы билсеңиз керек. Анан ал жерлерге көп кабаттуу имараттар курулуп кетти. Беш жылдан кийин эми ал имараттарды эч ким түрттүрүп жиберүүгө макул болбой турганы түшүнүктүү. Маалыматтарга караганда ал жерлерге курулган көп кабаттуу имараттар И. Пирматов, С. Исаков, алтургай экс-президент А. Атамбаевге тиешелүү болгон курулуш компанияларына таандык экен. Ошол компаниялардын атын, ээлерин ачык атап кое аласызбы? Эгерде бул жерлерди мыйзамсыз берип жибергениңиз далилденсе, анда өмүр бою темир тор артында отурганга даярсызбы? Же болбосо, ал жерлерди кайра мамлекетке кайтарып алуу болсо, анда ошол жерлерге имараттарды куруп, чыгымдарды жасаган курулуш компанияларынын каражаттарын таап бересизби?

5. Быйылкы жылы шаарды көрктөндүрүү үчүн көчөттөрдүн ар бир даанасын 9090 сомдон сатып алганыңыз белгилүү болду. Эмне себептен ушул баага токтолдуңуз? Сиз шаардын мэрлигине көрсөтүлүп атканда «Коррупция» деген сөздү да туура жаза албай турганыңызды көргөнбүз. Ошондо сиз «Мен телефондон Т9 программасы менен жазып көнүп калыптырмын, анда сөздү жазганда катасын өзү эле оңдоп койчу» деген элеңиз. Неге мынча 9 санын жакшы көрөсүз?

6. Экс-президент А. Атамбаев резиденцияга хансарай салдырганын коомчулук билди. Аны Атамбаев «мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кеткен жок, досторум салып берди» деп айтты. Маалыматтарга караганда ал хансарайды курууга кеткен каражатты сиз таап бериптирсиз. Ошондо сиз 80 млн сомго жакын каражатты кайдан таап, Атамбаевге хансарай салып бердиңиз? Ушул суроого эле кошумчалап коелу, сиз хансарайды салдырып, Атамбаевди ага киргизгенден кийин бир жүк ташуучу унаага толтура арак жүктөп барып, «Атамбаевди камсыздап койдум» деп мактанганыңызды айтып жүрүшөт. Ал арак түгөнсө, дагы бир машине арак алып барып бересизби?

7. Сиз И. Пирматов менен биргеликте «Манас» аэропортуна жанар май ташый турганыңызды жакшы билебиз. Ошол бизнесиңиздер уланып жатабы? Сыр болбосо, андан айына канча каражат табасыздар?

8. Сиздин криминалдык чөйрө менен да байланышыңыз бар экенин айтып жүрүшөт. Өзгөчө казак криминалдары менен байланышы мыкты дегендер бар. Анда Казакстанда контрабандага шектелип кармалган Дамирбек Асылбек уулуна да тиешеңиз барбы?

9. Ишенимдүү булактар өткөн жылы болуп өткөн президенттик шайлоодон кийин экс-президент А. Атамбаевдин кланындагы он чакты чиновниктер Чехияга барып, ал жактын жарандыгын алып келишкени айтылууда. Сиз алардын арасында жоксузбу? Чехияда 400 миң еврого кыймылсыз мүлк сатып алган адамга автоматтуу түрдө жарандык берилет экен. Андай болсо, сиз 400 миң еврого кандай мүлк сатып алдыңыз?

10. Буга чейин сиз мэрликтен кетем деп арыз жазганыңыз кабарланган. Бирок, кайра бат эле айнып кеттиңиз. Эмнеге? Кандай коркок-билишиңиз бар? Же «шефиңиз» А. Атамбаев «кетпейсиң» деп коркутуп кармап атабы?  

Булак: "МААЛЫМАТ.KG"


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;