Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева дүйнөлүк сыйлыкка көрсөтүлдү

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева дүйнөлүк сыйлыкка көрсөтүлдү

15 сен 2018, 11:10    bishkek
0 комментарий   
“Search for Common Ground” ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") эл аралык бейөкмөт уюму Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны “Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.
Уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө Отунбаевага бул сыйлык көп түрдүүлүккө, маданиятка жана билим берүүгө колдоо көрсөтүү менен өлкөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылары жазылган.
“Роза Отунбаева 2010-жылы апрель окуясынан кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеди. Ар кандай саясий күчтөрдүн жана жааттардын кысымына карабастан, Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамын кабыл алуу боюнча жоопкерчиликтен качкан жок. Бул чечим өлкөнүн президенттик башкаруудан парламенттик демократияга өтүүсүнө өбөлгө түздү. Роза Исакованын кара кылды как жарган калыстыгы жана бейтарап турумду бекем кармай алгандыгы өлкөдөгү кырдаалдын ырааттуу түрдө тынч нукка салынышына мүмкүндүк берди. Борбор Азиянын эгемен тарыхында биринчи аял лидер болгон Роза Исаковна Отунбаева бул чөлкөмдө бийликти кийинки президентке тынчтык жолу менен шайлоо аркылуу өткөрүп берди”, - деп айтылат билдирүүдө.
“Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгы бир нече жылдан бери тынчтыкты курууга салым кошкон жана чыр-чатактарды чечүүгө көмөк кылган адамдарга берилип келет. Алардын ичинде АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер, боксчу Мухаммед Али жана Түштүк Африка Республикасындагы биринчи кара терилүү архиепископ Десмонд Туту да бар. Сыйлык жыл сайын күз айларында АКШнын Нью-Йорк шаарында тапшырылат.
Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал 2010-жылы төңкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, ошол эле жылы референдум аркылуу президент болуп шайланган. Өлкөнү 2011-жылга чейин жетектеген. Учурда фонд түзүп, коомдук иштер менен алек болуп келет.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;