Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Өзбекстанда сойкулукка айыпталган кыздын туугандары эл алдында уяткарылды

Өзбекстанда сойкулукка айыпталган кыздын туугандары эл алдында уяткарылды

15 сен 2018, 09:40    bishkek
0 комментарий   
Өзбекстандын Термез шаарында жергиликтүү бийлик сойкулукка айыпталган 18 жаштагы кыздын апасын жана үч тууганын калаанын борбордук аянтында тизе бүктүрүп, эл алдында уяткарганы айтылууда.

Кыздын апасы жана эки таежеси шаар башчысы, милиция жетекчиси жана прокурордон эл алында маскара кылбоону суранган. Бирок бийлик өкүлдөрү буга көнгөн эмес.

Термез шаарынын көпчүлүк жашоочулары аткаминерлердин бул жооругуна нааразы болууда. “Биринчиден, 18 жаштагы кыздын апасынын күнөөсү жок. Экинчиден, ал кыздын күнөөсү сот тарабынан далилдене элек. Эгер Тремезде сойкулук менен алектенген кыздардын саны өсүп жатса, буга аймактагы жумушсуздук себепкер. Бийлик аялдарды уяткаргандын ордуна, алардын көйгөйлөрүнө көңүл бөлсө жакшы болмок”, – деди шаар тургундарынын бири.
Термез шаарынын элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малохат Холлиева 18 жаштагы кыз сойкулукка гана эмес, шаардык оорукананын медайымын сабоого да шектелип жатканын билдирди.
– Беш кыз мас абалында медайымды сабаган. Биздин райондун акими өтө маданияттуу киши, ал шаарда болуп жаткан ар бир терс көрүнүшкө бушайман болууда. Калаада чынында адепсиз жүрүм-турумга ээ кыздардын саны көбөйдү. Андыктан жыйында шаар башчысы бул абалга карата өз тынчсыздануусун билдирген. Бирок эч ким эл алдында уяткарылган эмес, – деди Малохат Холлиева.
Термез шаарынын 18 жаштагы тургунуна жана анын төрт досуна карата медайымды сабоо боюнча административдик иш козголгону белгилүү болду.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;