Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришти

Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришти

15 сен 2018, 09:28    bishkek
0 комментарий   
"Азаттыктын" кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте өтүп жатат.
Ага журналисттер, саясатчылар, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Коомдук фонддун төрагасы Айбек Турдалиевдин айтымында, уюм Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.
Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.
Ошондой эле фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын" негиздеди.
Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылып турмай болду.
Фонддун бет ачар аземинде сөз сүйлөгөн "Журналисттер" бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөрдү коомчулук колдоого алышы керектигин билдирди.
Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон.
Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Факт боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө уланууда.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;