Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Экс- президент Роза Отунбаева журналисттик иликтөөлөрдү колдоого чакырды.

Экс- президент Роза Отунбаева журналисттик иликтөөлөрдү колдоого чакырды.

14 сен 2018, 15:57    bishkek
0 комментарий   
Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда Журналисттик иликтөөлөр фондунун бет ачарында билдирди.
Отунбаева фонддун түзүлүшүнө "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин ишмердиги себеп болгонун белгиледи.
Анын пикиринде, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн көптөгөн терс көрүнүштөрдөн арылуу керек. Бул жаатта негизги милдет - коррупция менен күрөш.
Экс-президент коррупцияга каршы күрөштө журналисттер алдыңкы сапка чыгып жатканын айтып, ага коомчулуктун колдоосу маанилүү экенин кошумчалады.
- Дүйнө жүзүндө журналисттик иликтөөлөр коррупциялык көрүнүштөрдүн бети ачат. Андай журналисттер аз болот. Эгемендүү Кыргызстан күчтүү журналисттерди жаратты. Көп учурда каражат жетпейт, шагын сындырат. Ошол маселени чечиш үчүн ушул фонд түзүлүп жатат. Ошондуктан коомчулукту, ишкерлерди бул фондго жардам берүүгө чакырам. Жалаң эле акчалай каражат эмес, экспертиза жана башка нерседе көмөк көрсөтсө болот.
"Азаттыктын" кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте болду.
Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон.
Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Факт боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө уланууда.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;