Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » Казакстанда хиджабка каршы чыккан мектеп директорун опузалашууда

Казакстанда хиджабка каршы чыккан мектеп директорун опузалашууда

14 сен 2018, 10:12    bishkek
0 комментарий   
Түркстан облусунун Фердауси орто мектебинде жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей жаткан мектеп директору жашыруун түрдө коркутуп-үркүтүүгө кабылганын кабарлады.
"Мени окуучу кыздардын жоолуктарын чечтиргеним үчүн айыпташты. Мобилдүү телефонума белгисиз номерлерден жоолук чечтиргениң үчүн атып кетебиз деген каттар түшкөн соң, полицияга арыздандым”,- деди мектеп директору Жанар Мамырова.
Түркстан облустук ички иштер департаменти “Коркутуу” беренеси боюнча иш козгоп, сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.
Өткөн аптада Фердауси айлында жоолукчан 13 кыздын ата-энеси айып пулга жыгылган. Кийинчерээк жергиликтүү бийлик окуучулардын көбү хиджабдарын чече баштаганын билдирген. Бул арада айрым ата-энелер администрациянын талабын аткаруудан баш тартышып, кыздарынын документтерин алып, аларды башка мектептерге которушкан.
Жума башында жоолуктарын чечпеген кыздарын колдоп, мектеп алдына нааразылык акциясына чыккан 8 окуучунун ата-энеси айып пулга жыгылганы белгилүү болгон.
2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган. Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер "жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат" деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;