Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Атамбаевдин акыркы койгон кадрлары жалаң өлкөбүздүн түндүгүнөн болгондо неге унчукпадыңар? 

Атамбаевдин акыркы койгон кадрлары жалаң өлкөбүздүн түндүгүнөн болгондо неге унчукпадыңар? 

27 апр 2018, 00:47    bishkek

Экс-президент Атамбаевдин маалыматчылары жакынкы убакыттан бери карай өлкөбүздү бөлүп-жаруу максатында трайбалисттик бузукулугун башташты. Кадрдык жүрүштөрдө кайсы бир кызматка Ош же Жалал-Абад облустарынан жетекчи дайындалып калса эле, «Мына жалаң түштүктөн дайындай баштады» деген кыйкырык салышууда. Бирок, реалдуулукта мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков балансты мыкты сактап атканына күбөбүз. Алтургай президенттик аппаратта көбүнесе өлкөбүздүн түндүгүндө туулуп-өскөн кадрлар жетекчилик кызматтарда отурат. Өкмөт курамында да өлкөбүздүн түштүгүнөн да, түндүгүнөн да жетишээрлик мүчөлөр бар.
Ал эми экс-президент А. Атамбаевдин доорунун акыркы убактысындагы дайындоолору кандай болгон. Атамбаев өзү Чүй облусунан, анын аппаратын жетектеген А. Үсөнов болсо Ысык-Көл облусунан. Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Э. Сариева Бишкек шаарынан. Жогорку Кеңештин төрагасы Д. Жумабеков Таластан. Премьер-министр С. Исаков Нарын облусунан, анын биринчи орун басары болгон Т. Абдыгулов Ысык-Көлдөн. Дагы бир вице-премьери С. Мукамбетов Чүйдөн, Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси М. Мукамбетов Ысык-Көл облусунан. ТИМ министри Э. Абдылдаев Чүй облусунан. ИИМ министри У. Исраилов да Чүйдөн. Юстиция министри У. Ахмедов Бишкек шаарынан. Финансы министри А. Касымалиев Ысык-Көлдөн. Экономика министри А. Новиков Бишкектен. Билим берүү жана илим министри Г. Кудайбердиева Баткенден, Маданият министри С. Жумагулов Нарын облусунан. Социалдык өнүктүрүү министри Т. Исакунова Нарындан. УКМК төрагасы А. Сегизбаев Бишкек шаарынан. Баш прокурор И. Жолдубаева Ош облусунан. Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасы У. Рыскулов Бишкектен. Маалыматтык технология жана байланыштар Мамлекеттик комитетинин төрагасы Б. Шаршембиев Чүй облусунан. Эми өзүңүздөр жакшылап анализдеп алыңыздар, Атамбаев жердешчиликке алдырыптырбы же учурдагы мамлекет башчысыбы? Азыркы тапта бийлик бутактарында өлкөнүн түштүгүнөн да, түндүгүнөн да кадрдар бирдей дайындалууда. Ал эми Атамбаевдин доорунун акыркы айларында президент да, ЖК төрагасы да, өкмөт башчысы да түндүктөн болуп калганда эч ким трайбалисттик көз караш менен чыккан жок эле го? Неге азыркы трайбалисттер ошондо кыйкырып чыккан эмес?


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив