Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » "Вечерний Бишкек" басма үйүнө байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду

"Вечерний Бишкек" басма үйүнө байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду

12 сен 2018, 15:54    bishkek
0 комментарий   
"Вечерний Бишкек" басма үйү жана "Рубикон" рекламалык фирмасына байланыштуу жаңы кылмыш ишин козголгонун Башкы прокуратура ырастады.
Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наргиза Кубатова билдиргендей, азыркы кылмыш иши рейдерлик фактысы менен байланыштуу эмес:
-"Вечерний Бишкек" боюнча 4-сентябрда кылмыш иши козголгон. Бирок рейдерлик боюнча эмес. Факты боюнча. Тагыраагы, Сот департаментинин Бишкектин Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн ачылган. Конкреттүү бир адамдарга карата эмес, факт боюнча. Башкача айтканда, бул кызматкерлердин аракеттери каралат. Александр Кимден арыз келип түшкөндөн кийин иште акыйкаттык, мыйзамсыздык болгон-болбогонун тактоо үчүн иш ачылган. Ансыз тергөө иштерин жүргүзүү, сурак жүргүзүү мүмкүн эмес. Андан кийин иликтөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет.
Кубатова иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) жана 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен каралып жатканын кошумчалады.
Мунун алдында "Адилет" укуктук клиникасы кабар таратып, "Вечерний Бишкек" басма үйүн жана "Рубикон" рекламалык фирмасын рейдерлик басып алуу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун жарыялаган. Башкы көзөмөл органы иш аталган басма үйдүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызынын негизинде козголгонун, иликтөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатканын билдирген.
Андан тышкары компаниянын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлкү камакка алынганы айтылууда.
"Вечерний Бишкек" басылмасына байланышкан иш Александр Кимдин арызына ылайык 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра карала турган болууда. Александр Кимге карата мурда Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон.

Быйыл февралда райондук сот Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу. Чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган эле.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, “Вечерний Бишкек” толугу менен Александр Рябушкинге өткөн.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;