Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Трайбалист-кутумчулардын элди бөлүп-жаруу саясаты коомчулуктун кыжырын келтирүүдө

Трайбалист-кутумчулардын элди бөлүп-жаруу саясаты коомчулуктун кыжырын келтирүүдө

26 апр 2018, 11:26    bishkek


Акыркы кездери экс-президент АШАнын (Алмазбек Атамбаев) маалыматтык армиясы президент Сооронбай Жээнбековду негизсиз каралоого өтүп, анын керт башына асылып, кемсинткен аракеттерин күчөттү. Айрыкча, АШАчылар трайбалисттик жараны козутуп, ачык эле элди түндүк-түштүк кылып чабыштырууну көздөөдө. 6 жылда түптөгөн ММКлары менен болушунча бузукулук иштерин жасап жатат. Атамбаевге тиешелүү маалымат каражаттары жаңы дайындалган кадрлардын баарын президентке “тууган” кылып, элдин башын айлантууну көздөөдө. Бирок, коомчулук мындай көрүнүшкө катуу кыжырданып, социалдык тармактарда трайбалисттик аракеттерге каршы чыккандар өз ойлорун калтырууда. Биз төмөндө Атамбаевдин мындай ыплас саясатына каршы чыккан айрым жарандардын пикирлерин сунуш кылабыз.

  Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер: “Трайбализмди козуткандарды мыйзам чегинде жазага тартуу керек”
-        Мен калыс адам катары айтып коеюн, Сооронбай Шарипович бардык жагынан карап, кадрларды тең салмактуу тандап жатат. Менин оюмча, шектүү иштерге аралашып, бийлигинен ажыраган кээ бир саясатчылар айласы кеткенде ушундай бөлүп-жармай ыкмаларын пайдаланууга аракеттенишүүдө.Мындай кадамдар алысты көрө албаган, жеке кызыкчылыгын жогору койгон, кыргыз элинин тагдырын, туруктуулугун ойлобогон саясатчылар тарабынан жасалганы оркоюп көрүнүп турат. Мындай саясаттын келечеги жок. Мындай саясат жүргүзгөндөр - бул кыргыз элинин душмандары. Трайбализмди козуткандарды мыйзам чегинде жазага тартуу керек. Бүгүн Борбор Азиядагы коопсуздук абалы жөнөкөй эмес, Кыргызстанда социалдык-экономикалык маселелер курчуп турат, мыйзамсыздык өкүм сүрүп, элдин маанайына терс таасирин тийгизүүдө. Эл жаңы бийликке үмүт менен карап турган чагы. Ошон үчүн биз бөлүнүп -жарылбай, элибизди ынтымакка чакырып, мамлекетти өнүгүү жолуна салышыбыз керек.
(Азия ньюс гезитинен алынды)
Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер, жазуучу: "Диверсанттар" президент Сооронбай Жээнбековду каралоо үчүн маалымат согушун күчөттү”
-        Маалымат согушу диверсиялык ыкка өттү. Мурун маалымат согушу башталганын жазган элек. Бүгүн бул "согуш" күчүнө кирип диверсиялык ыкка өткөнү байкала баштады. Жаңы келген кадрлардын чоо жайын иликтеп, аларды кандайдыр бир жолдор менен президент С.Жээнбековдун жакындарына жабыштырган ушактар чыгууда. Себеби биздин коом үй-бүлөлүк башкаруудан катуу көңүлү калган. "Мына С.Жээнбеков акырындык менен үй-бүлөлүк башкарууга ык койду" - деген идеяны элге тымызын сиңиртүү болууда. Буга ачык мисал жаңыдан Башкы прокурордук кызматка сунушталып аткан кадрды "Кудасынын досу экен"- деп жазып чыгышты. Талдай келгенде экөөнүн жаш айырмасы 10 жашка чукул экен. Кыргызда бери дегенде 5 жаш айырма менен дос болушат. Андан ашык айырмасы ага-иниге өтүп кетет. Агасынын ашына келген Жусуп Жээнбековду да жөн коюшпады. "Саясый иштер менен алектенгени атайы келди"- дешти. Асилбек жөнүндө айтпасак да белгилүү. "Диверсанттар" кылдан кыйкым издешүүдө. Максаттары кандай болсо да президенттин эл арасында күн санап өсүп бараткан кадыр-баркына шек келтирүү болууда. Эл деген эл да айрым учурда ушундай тымызын арам ойлуу жүрүштөргө ишенип ыргылжың болуп калышкандары да жок эмес. Муну "Дагы иштесинчи. Ишинен көрөлүчү"- деген пикирлер көбөйө баштаганынан байкоого болот. "Диверсиялык согуш" мындан да күчөйт. Себеби кызматтан кеткендер, коррупциялык иштер менен кармалып камалгандар, келечекте камалуучулар буларга чоң команда болуп кошулат.
Президент Сооронбай Шарипович өзүнө өтө оор жолду тандап алды. Кыргызстан коррупцияга белчеден эмес кекиртектен да жогору кулагынын учуна чейин баткан. Анан калса коррупционерлер да бири бирин өңүнөн таанып жакшы билишет. Эми укмуштар чыга баштайт. "Мен коррупционер болуп камалып, тигил кала бериши керекпи" - деп бирин бири чукуп, сүйрөшүү башталат. Буга так мисал 3,5 миллиар долларга чукул турган векселдин ишинин калкып чыгышы, 3 тонна алтындын чыры сыяктуулар кошулат. "Кумтөр" кыймылдабай жатат. Кыскасы баарын айтсак барак түтпөйт. Анткени эгемендикти алгандан берки 27 жылда чогулган "таштанды суу тосмонун оозун" С.Жээнбеков ачып жиберди. Бул суунун тазаланып агымына түшүшүнө президенттик мөөнөтү жерээр бекен. Өзүнүн саясый чыдамы жетээр бекен. Бул чоң суроо.
Семетей Талас уулу, журналист: “Эл бузарлардын акчасын алып, эл бузбагыла кесиптештер ”
-        Эл эки жаат болгондо калыстык ортодо тебеленет. Трайбалисттердин чырагына май тамызбай калыс бололу! Иштечү адам иштейт. Иш көзүн билген адам аны алдыга жылдырчу кадрларды таба билет. Таза адам колу ыплас болбосо, напсисин тыя билсе жемкорлорго күрөшө билет. Ага чейин "ал эле, бул эле, апийимдин гүлү" дебей тынч отура туралычы. Сабыр кылып. Мусулманкул аталык айтмакчы; Мезгил баары ордуна коет. Мезгил Сокени көкөлөтөт эгер таза иштесе, Алмаке досунун шарап жыттуу жолун уласа эртең эле шермендеси чыгат. Азыр Атамбайдын түрсүгүнөн боктору чыгып аткандай. Анан эл бузарлардын акчасын алып, эл бузбагыла кесиптештер. Калыстык өлбөсүн. Калыстык өлгөн жерде баары өлөт. Адилеттүүлүк, өнүгүү дагын.. Өз өлкөсүндө туруп өгөй болгон Атамбаевдин тагдыры өтө кейиштүү...
Тимур Саралаев, Эл аралык өнүктүрүү жана саясат агенттигинин директору: “Президент Жээнбековду үй-бүлөлүк кланга жабыштырып каралоо кампаниясы күчөдү”
-        Чынында акыркы кездери президент Сооронбай Жээнбековго кылтыйган бир тараптуу каралоо башталды. Мындай каралоо күндөн-күнгө күчөп баратат. Динамикасы өсүп жатат. Буга айрым башы көрүнүп калган журналисттер, активисттер, партиянын мүчөлөрү катышып жатат. Бул процессти элге белгилүү болгондордон сырткары президенттик шайлоодон жеңилип калып сыртта жүргөн адамдар да каржылап жаткандай. Анткени алардын активдүү командасы социалдык тармактарда “президент үй-бүлөлүк башкарууга кадам таштады, кландык башкаруу орноп жатат, жердешчилик күч алды” деген ойду таңуулап жатат. Мен мындай адамдарга “Кыргызстандын тең жарымы, өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жалпы калктын тең жарымынан көбү жашайт” деп айтар элем. Анан Баткен облусунан бир вице-премьер-министр болсо Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө кандай тиешеси бар. Трайбалистик, үй-бүлөлүк башкаруу орноп жатат деген чакырык бүгүнкү күнгө туура келбеген сөздөр, пикирлер. Азыр Жээнбековдор кландык бийликти орноткону жатат деген пикирди коомго сиңиртүүгө аракет кылып жатат. Булар жайы менен ушул пикирди элдин мээсине куюп, кайсы бир мезгилге чагымчыл пландарды даярдап жатат деген менде пикир пайда болуп калды.


скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 4 февраля 2019 19:08
Betaxolol Zithromax Dosage Pneumonia online pharmacy Propecia Generique Buy Now Finasteride Buy 100 Mg Viagra generic viagra Free Shipping Dutasteride Internet Shipped Ups Levitra Generique Montreal Side Effects Of Viagra Cialis E Antidepressivi п»ї0 5 Propecia Finasteride viagra Worldwide Levaquin Levox Bronchitis No Script Needed Cheap Propecia Productividad Priligy 30 Mg Or 60 Mg Why Amoxicillin In Dogs viagra Amoxicillin Dosing Children Otitis Media Clomid Produit Kamagra Oral Jelly Primena Pediatric Dose Amoxicillin viagra prescription Que Es La Viagra Femenina
Гость Jeakage от 18 февраля 2019 05:09
Cialis 20 Anwendung Levitra No Me Hace Efecto cialis Medicine Online Order What Is Cephalexin
JoshuaZeple от 16 июня 2019 12:57
training programs, Blog Fitness, healthy lifestyle, diet, proper nutrition
Premiumflb от 15 августа 2019 08:42
удалите,пожалуйста! [url=http://tut.by/].[/url]
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив