Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер, жазуучу: "Диверсанттар" президент Сооронбай Жээнбековду каралоо үчүн маалымат согушун күчөттү”

Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер, жазуучу: "Диверсанттар" президент Сооронбай Жээнбековду каралоо үчүн маалымат согушун күчөттү”

25 апр 2018, 11:21    bishkek


Акыркы кездери экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын коррупцияга малынган санаалаштары президент Сооронбай Жээнбековго аёсуз маалыматтык согушту баштады. Бул арам ойлуулар кандай жол менен болсо да президентти алсыздандырып, анын коррупцияга каршы күрөшүн солгундатууну максат кылууда. Бул үчүн социалдык тармактардан, АШАга тиешелүү маалымат каражаттарынан болушунча С.Жээнбековду элге мокочо көрсөтүүгө аракет кылууда. Белгилүү коомдук ишмер, жазуучу Чолпонбек Абыкеев мындай көрүнүштү сыртынан байкап туруп, өзүнүн пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазыптыр. Биз аны окурман журчулугуна өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:
 
Маалымат согушу диверсиялык ыкка өттү
Мурун маалымат согушу башталганын жазган элек. Бүгүн бул "согуш" күчүнө кирип диверсиялык ыкка өткөнү байкала баштады. Жаңы келген кадрлардын чоо жайын иликтеп, аларды кандайдыр бир жолдор менен президент С.Жээнбековдун жакындарына жабыштырган ушактар чыгууда. Себеби биздин коом үй-бүлөлүк башкаруудан катуу көңүлү калган. "Мына С.Жээнбеков акырындык менен үй-бүлөлүк башкарууга ык койду" - деген идеяны элге тымызын сиңиртүү болууда. Буга ачык мисал жаңыдан Башкы прокурордук кызматка сунушталып аткан кадрды "Кудасынын досу экен"- деп жазып чыгышты. Талдай келгенде экөөнүн жаш айырмасы 10 жашка чукул экен. Кыргызда бери дегенде 5 жаш айырма менен дос болушат. Андан ашык айырмасы ага-иниге өтүп кетет. Агасынын ашына келген Жусуп Жээнбековду да жөн коюшпады. "Саясый иштер менен алектенгени атайы келди"- дешти. Асилбек жөнүндө айтпасак да белгилүү. "Диверсанттар" кылдан кыйкым издешүүдө. Максаттары кандай болсо да президенттин эл арасында күн санап өсүп бараткан кадыр-баркына шек келтирүү болууда. Эл деген эл да айрым учурда ушундай тымызын арам ойлуу жүрүштөргө ишенип ыргылжың болуп калышкандары да жок эмес. Муну "Дагы иштесинчи. Ишинен көрөлүчү"- деген пикирлер көбөйө баштаганынан байкоого болот. "Диверсиялык согуш" мындан да күчөйт. Себеби кызматтан кеткендер, коррупциялык иштер менен кармалып камалгандар, келечекте камалуучулар буларга чоң команда болуп кошулат.
Президент Сооронбай Шарипович өзүнө өтө оор жолду тандап алды. Кыргызстан коррупцияга белчеден эмес кекиртектен да жогору кулагынын учуна чейин баткан. Анан калса коррупционерлер да бири бирин өңүнөн таанып жакшы билишет. Эми укмуштар чыга баштайт. "Мен коррупционер болуп камалып, тигил кала бериши керекпи" - деп бирин бири чукуп, сүйрөшүү башталат. Буга так мисал 3,5 миллиар долларга чукул турган векселдин ишинин калкып чыгышы, 3 тонна алтындын чыры сыяктуулар кошулат. "Кумтөр" кыймылдабай жатат. Кыскасы баарын айтсак барак түтпөйт.
Анткени эгемендикти алгандан берки 27 жылда чогулган "таштанды суу тосмонун оозун" С.Жээнбеков ачып жиберди. Бул суунун тазаланып агымына түшүшүнө президенттик мөөнөтү жерээр бекен. Өзүнүн саясый чыдамы жетээр бекен. Бул чоң суроо.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив