Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Албек Ибраимов отставкага кетсе да, жоопкерчиликтен качпашы керек

Албек Ибраимов отставкага кетсе да, жоопкерчиликтен качпашы керек

24 апр 2018, 14:48    bishkek

ММК булактары Бишкек мэри Албек Ибраимовдун отставкага кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу кабар бере башташты. Маалыматтарга караганда ал Бишкек шаарынын 140 жылдыгын белгилеген иш-чарадан кийин отставкага кетүүгө даярдык көрүүдө.
Мындай маалыматты Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары да төгүнгө чыгарышкан жок. Алсак, шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев маалымат булактарынын бирине бул маалымат расмий аныктала электигин, бирок ошондой сөздөр жүрүп атканын билдирген. «Бул тууралуу көбү айтып атышат. Бирок азырынча Албек Ибраимовдон расмий билдирүү бололек. Эртең «Республика-Ата Журт» фракциясы отурумга чогулат, анда мэрдин отчету угулат. Кыязы, ошондо кырдаал түшүнүктүү болот го», - дейт ал.
Дагы бир шаардык кеңештин депутаты Павел Десятников да мындай маалымат бар экенин, бирок азырынча аны аныктап бере албай турганын айткан. «Ошондой болушу керек болчу. Мэриянын ишинде көп бузуулар бар, биз алар тууралуу шаардык кеңештин жана комиссиянын отурумдарында айта берип чарчабадык», - дейт ал.
Эмнеси болсо да «жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт» эмеспи. Андыктан эгерде А. Ибраимов отставкага кетүү боюнча чечим кабыл алган болсо, бул анын акыркы мезгилдерде жасаган эң туура кадамы болуп калат. Бирок, отставкага кетүү менен эле жоопкерчиликтен кутулуп кетем деген ойго алдырбашы да керек. Эмне себептен көчөттөрдү 9090 сомдон сатып алганын, 85 гектар жерди 5 жылга эмнеге ижарага берип салганын, «Манас» аэропортунун «мойнуна» неге минип алып, желип атканынын сырын коомчулукка ачык айтып бериши кажет.  
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив