Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

30 окт 2020, 10:01    bishkek
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 29-октябрда Нур-Султан шаарына иш сапары менен барып, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушту. Руслан Казакбаев Кыргызстанда кырдаал турукташып калганын айтып, казакстандык инвестициялардын коопсуздугун сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактар боюнча кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы маалында чогуу аракеттенүүнү макулдашты. Министр Руслан Казакбаев казак тараптан дары-дармек, коргонуучу каражат жагынан көмөктөшүүсүн суранды. Ошондой эле министр казак бийлигинен Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында акчалай жардам берүүнү өтүндү.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн аптада бюджетти толтурууга Европа Биримдигинен жардам сураган.
Орусия буга чейин убада кылган 100 миллион доллар жардамын Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан кийинки туруксуз кырдаал учурунда токтотуп койгону маалым болгон.
Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго толбой калары кабарланган. Мурдагы өкмөт бул кенемтени толтуруу үчүн эл аралык донорлордон 500 миллион долларга жакын каражат сурап, анын тең жарымынан көбүн алынган. Өкмөт ал каражат бюджеттик кызматкерлердин айлык акыларына, пенсия менен жөлөкпул төлөөгө жумшаларын билдирген.
6-октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков элдин тынчтыгы үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти. Анын ордуна алгач өкмөт башчылыкты колуна алган Садыр Жапаров 16-октябрдан бери президенттин милдетин аткаруучу болуп келет. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив