Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Бакыт Сыдыковдун балдар спортунун өнүгүшүнө, жаштардын билим алуусуна кошкон салымы зор

Бакыт Сыдыковдун балдар спортунун өнүгүшүнө, жаштардын билим алуусуна кошкон салымы зор

28 окт 2020, 10:24    bishkek
Сыдыков Бактыбектин коомдук ишмердүүлүгүн үч багытка бөлүп караса болот. Алардын биринчиси «Илбирс» профессионалдык футбол клубун (Бишкек) түзүү аркылуу ата мекендик спортту, тактап айтканда, футболду колдоо болуп эсептелет. Бул клуб биринчи кезекте өлкөдөгү жаш спортчуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн. Клуб мамлекеттин футбол боюнча жаштар курама командасын түзүү үчүн эң күчтүү жаш спортчулардан турган футбол академиясын түзүүнү көздөйт. Футбол академиясы Кыргызстандагы футболдун өнүгүшүнө салымын кошуп, жыйынтыгында аны дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп чыгууну максат кылат. Академия жаш футболчуларга бош убактысын кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө, футболдук чеберчилигин өркүндөтүүгө, футболдук жөндөмдөрүн ачууга, физикалык жактан өнүгүүгө, жашоо үчүн пайдалуу көптөгөн сапаттарды өрчүтүүгө, кесипкөй футболчу болууга жол ачат, ал эми жаш футбол адистери – сүйүктүү кесиби боюнча өнүгүп-өсүшөт жана алдыңкы катардагы балдар футбол машыктыруучулары болушат.
Б.Сыдыковдун демилгеси менен команда түзүлгөндөн бери, футбол клубун түптөөгө, техникалык тейлөөгө жана андан ары өнүктүрүүгө олуттуу каражат жумшалды. 2020-жылы "Илбирс" клубунун футболдук базасынын курулушу да башталды.
Б.Сыдыковдун коомдук ишинин экинчи багыты - Кыргыз Республикасынын жаштарын колдоо жана тарбиялоо. 2016-жылы “Ноокен жаштары” коомдук фонду түзүлгөн, учурда анын курамына республика боюнча филиалдар кирген. Бүгүнкү күндө коомдун активдүү мүчөлөрүнүн саны 2 миңден ашат.
Бул бирикме жаштар арасында билим алуунун жана эмгекчил болуунун маанилүүлүгүн жайылтат.
Коомдук бирикме дайыма абитуриенттерге жогорку окуу жайларга тапшырууда кеп-кеңешин берип, муктаж болгондорду материалдык жактан колдоп келет. Ал үчүн Б.Сыдыковдун жетекчилиги астында жыл сайын үзгүлтүксүз акча каражаты бөлүнүп турат. Бул каражат мыкты окуган студенттерге дагы жыл сайын стипендия катары берилип келет.
Социалдык ишмердүүлүгүнүн үчүнчү багыты - "Сыдыков" коомдук фонду аркылуу жасалып жаткан жалпы кайрымдуулук иши. 2015-жылдан бери бул фонд элдин жашоосун жакшыртуу боюнча эбегейсиз социалдык иштерди жүргүзүп келет. Социалдык инфраструктураны өркүндөтүү боюнча көп жумуштар жасалды. Мисалы, Бүргөндү, Маасы, Шайдан, Ноокен, Сакалды, Кочкор-Ата, Арал, Таш-Көмүр, Момбеков айыл округу, Достук сыяктуу айылдардын окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 31ден ашуун мектеп жана 12 бала бакча капиталдык ремонттон өткөрүлүп, байкоочу камералары орнотулду. Ошондой эле, Момбеков жана Ак Өргө айылдарында зарыл болгон спорттук жана футболдук аянтчалар курулду.
Ден соолугуна байланыштуу материалдык жардамга муктаждарга дагы көп көңүл бурулат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив